Талант САГЫНБАЕВ: “Кайрат Кыргыз менен Назира Айтбековага чара көрүү керек!” (АУДИО)

Талант САГЫНБАЕВ: “Кайрат Кыргыз менен Назира Айтбековага чара көрүү керек!” (АУДИО)

Бул аудиодо Талант Сагынбаев аттуу патриот жигит ырчы Кайрат Кыргыз менен алып баруучу Назира Айтбекованын диалогуна жаны ачып аларга чара көрүүнү сунуштаган аудиосун Ютубга жайгаштырды. Кайрат Чубак ажыга обу жок асылганын токтотпосо токмок жеп калаарын да эскерткен.

Т. Сагынбаевдин аудиосунан кийин, Кайрат менен Назиранын «жалжактап» өтө ыплас сүйлөшкөнү бар. Талант Сагынбаев жаш болсо да кыргыздын маданиятына, каада-салтына көңүл буруп, элди туура жолго үндөп жатат. Бул видеодо Чубак ажы да туура айткан. Ажынын айтканына кулак салбаган Кайрат кайра ыплас сөздөр менен сүйлөп атат. Бул өтө маданиятсыздык! Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров агабыз айткандай, «Кыргыз» деп коюп алган аттан айлансын. Бул атка татыксыз. Таланттын сунушун мен колдойм, бул экөөнө чара көрүү керек!

Аудиодон кийин Чубак ажынын Кайрат боюнча суроого жооп берген видеосу бар. Аудиону угуп, видеону көрүп, туура жыйынтык чыгарыңыздар, урматтуу туугандар!

Анда эмесе, ал АУДИОну бу ШИЛТЕМЕден угуңуздар!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.