Кардиологиядагы Текебаевге толтура диагноздор коюлду

Кардиологиядагы Текебаевге толтура диагноздор коюлду

“Ата Мекен” партиясынын лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевге дарыгерлердин койгон диагнозу бүгүн расмий жарыяланды. Ага күрөө тамырдын, жүрөк тамырларынын атеросклероз, карынча үстүндөгү экстрасистоликалык аритмия, 2-даражадагы кооптуулугу жогору гипертония, түйүндүк богок жана эутериоз диагнозу коюлуп, ушундай оорулардан жабыркаары билинди. Учурда Ө.Текебаев М.Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыланууда, ал жерден качан чыгары белгисиз. Ал сакчылардын кайтаруусунда. Камактагы эрежелерге ылайык, Текебаевге туугандары менен жолугушууга уруксат берилген эмес.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Чиркешович «Мегаком» чырына байланыштуу коррупция боюнча айыпталып, былтыр февралда иш сапардан келатканда “Манас” аэропортунан кармалып, камалган. Сот аны сегиз жылга эркинен ажыраткан. Ө.Текебаев мындай чечимди четке кагып, муну мурдагы бийликтин куугунтугу катары айтып келген. Биз дагы соттун чечимине макул эмеспиз. Акыры актыгы айтылат. Азыр денсоолугун чыңдап, тезирээк айыгып кетишин каалайбыз!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.