Айылда эркекти зордуктаган эркек кармалды!

Айылда эркекти зордуктаган эркек кармалды!

Бул тууралуу Талас облусундагы Ички иштер башкармалыгы билдирди. Башкармалыктын маалыматына таянсак, Талас районуна караштуу Жон-Арык айылынын 38 жаштагы тургуну зордукталганы боюнча милицияга арыз менен кайрылган. Ал жакын таанышы үйүнө келип, күч колдонуп зордуктаганын айткан. Эркек кишиге сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракетин жасаган 37 жаштагы эркек кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бул факт боюнча ага кылмыш иши козголуп, тергелүүдө. Алдын ала маалыматка караганда, экөө тең үй-бүлөлүү.

Баары эротикалык тасмадан башталганбы?

Бул окуя боюнча “Турмуш” сайтына айылдаштары айтып берген. Алардын айтымында, баары эротикалык тасмадан башталыптыр. Жабырлануучунун айылдаштары милицияларга арыз менен кайрылган адамды мындай деп мактап, аягы эмне менен бүткөнүн айтып беришкен. “Күч менен зордукталган адам намаз окуган, эч кимге зыяны жок, тынч жүргөн бала. Ал эки баланын атасы, бирок, жубайы менен ажырашып кеткен. Эки баласынын бири өзүндө калып, бирин аялы алып кеткен. Мындай окуя 2-августтан 3-августка караган түнү болуптур. Таанышы экөө эротикалык тасма көрүшкөн экен. Анын аягы зордуктоо менен аяктаптыр…”

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.