ЖАРЫЯ: Эртең айтыштын тандоо туру болот. Кирүү акысыз, келиңиз!

ЖАРЫЯ: Эртең айтыштын тандоо туру болот. Кирүү акысыз, келиңиз!

Бул тууралуу «Айтыш» коомдук фондусунун тең төрагасы Асылбек Маратов билдирди. Анын айтымында, эртең, 15-августта «Манас» кинотеатрында саат 10.00дө XII Эл аралык Айтыштын тандоо туру өтөт.

Бул турга бардык төкмө акындар чакырылды. Көпчүлүктүн ичинен сегизи гана тандалат. Алар 4-5-сентябрда Дүйнөлүк көчмөндөр оюнундагы Кырчын жайлоосунда өтө турган XII эл аралык айтышка катышат. Ал айтышка Казакстандан 8 төкмө акын келет. Аларга чакыруу берилди. Мурда келип жүргөн төкмөлөр эмес, жаңы төкмө казак акындары келет. Эл аралык айтыш Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте өткөрүлмөкчү. Байге фондусу эки миллион сом. Ал эми эртеңки тандоо туруна кирүү акысыз. Өнөр сүйгөн улуу элимди айтыш көрүүгө чакырам. Жан дүйнөңүздөргө азык алып кетиңиздер!”,-дейт Асылбек Маратов.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.