ЖЭЭНБЕКОВ: “Атамбаев укмаксан болуп, Ибраимовду чалчактатты да…”

ЖЭЭНБЕКОВ: “Атамбаев укмаксан болуп, Ибраимовду чалчактатты да…”

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун кылмыш иши боюнча бүгүн Жогорку Сот карап, Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Райондук сот А.Ибраимовду 29-августка чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Мындай чечимге макул болбогон анын адвокаты Сергей Слесарев Жогорку сотко кайрылган. Жогорку Соттун алдына экс-мэрди колдогон тарапкерлери келип, “Албек Ибраимовго боштондук!” деп жазып алган плакаттарын көтөрүп турушту.

Эскерте кетсек, Албек Ибраимов Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси менен айыпталып, кылмыш иши козголуп, 19-июлда кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилип, камакка алынган. УКМК билдирүүсүнө таянсак, ал «Дастан” ишканасынын жетектеп турганда «270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүк четиндеги беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деп айыпталууда.

“Ибраимов сүлүк курттай болуп, элдин канын соруп жатат”

Коомдук ишмер, “Алиби” гезитинин ээси Бабырбек Жээнбеков дайыма акыйкат менен күрөшүп, ачуу чындыкты бийликтин бетине айтып келет. А. Атамбаевдин бийлигинин кезинде да коркпой анын жана “балдарынын” кемчилигин айтып келген. Анын “эрке балдарынын” бири Албек Ибраимов мэр болуп турганда да буларды айткан:

Өмүрбек Текебаев Албек Ибраимов менен Фарид Ниязовдун Бишкекте канча деген жерлерди ээлеп алгандары боюнча кагаз жүзүндө көрсөтүп жатса да, Атамбаев укмаксан, билмексек болуп койду го. Албек Ибраимов Атамбаевдин жөн гана баласы эмес, “эрке баласы”. Аны тимеле чалчактатып жатат. Аны каалаган кызматына отургузуп коет экен. Анысы таасирлүү кызматка келип алып, сүлүк курттай болуп, элдин канын соруп жатат. Дегеле президенттин “балдары” түгөнбөдү. “Балам” делген Сапар Исаковду премьер кылды. Анысы болсо кайдагы бир шылуун Liglass Trading компаниясын көтөрүп чыгып, дүйнө жүзүнө шерменде болдук. Аны талдап чыккан Атамбаев да билмексен болуп отурат. Аталган компания алардын шылуундугун изилдеп, далилдеп чыккан биздин балдарыбызды (Кулов, Байсалов жөнүндө сөз болууда – авт.) күнөөлөп, бет тырмоочулук менен Эдил Байсаловду сотко беребиз деп чыкты. Мына ушундан эле бийликтин алсыздыгы, пастыгы билинет. Биздин таза, ак, ачуу чындыкты айткан саясатчыларыбызды башка өлкөнүн шылуундары келип алып, жалган жалаа жаап каматтырып жатканы жакшы көрүнүш эмес. Ошолорго кыргыздын азамат жигиттерин тебелетип койгон бийликтин намысы жок болуп жатпайбы.

Жогорудагы Бабырбек Жээнбековдун айткандарынан (2017-жылдын 3-октябрында “Алакан” сайтына кенен берген маегинен) үзүндү гана берилди. Эгерде андагы кызыктуу маекти толугу менен окуйм десеңиз, анда бу жердеги ШИЛТЕМЕни басыңыз!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.