Экономист Жумакадыр Акенеев каза болду

Экономист Жумакадыр Акенеев каза болду

Кыргызстандын эмгек сиңирген экономисти, экономика илимдеринин доктору, профессор Жумакадыр Акенеев бүгүн 15-августта дүйнө салды. Бул тууралуу Базарлар, соода жайлары жана кызмат көрсөтүү ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев билдирди.

50дөн ашык илимий эмгек жазган Жумакадыр Акенеев 1954-жылы Ысык-Көл облусунун Улахол айылында төрөлгөн. Ал 1993-1997-жылдары Кыргызстандын Статистикалык комитетин, 1997-1998-жылдары Айыл жана суу чарба министрлигин башкарган. 2011-2013-жылдары Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти болгон.

“Алакан” сайтынын эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.