Петросяндын кызы атасынын ажырашуусун күтпөптүр…

Петросяндын кызы атасынын ажырашуусун күтпөптүр…

Орустун белгилүү, сүйүктүү куудулдары 72 жаштагы Евгений Петросян менен 65 жаштагы Елена Степаненконун ажырашканы боюнча августтун башында жазылган. Алар 30 жыл бирге жашашканы менен, анын 15 жылы жөн гана иштеги мамилеси менен өткөнү, расмий түрдө сот аркылуу ажырашып, мүлк бөлүшкөнү августтун башында болгону айтылып келет. Кыскасы, алардын ажырашуусу боюнча сөз күндөн күнгө күчөп, улам жаңысы жазылып келет. Бүгүн Петросяндын 49 жаштагы Викторина аттуу жалгыз кызынын интервьюсун журналисттер жазып чыгышты. Алардын айтымында, Викторина атасынын ажырашуусу боюнча кызы биринчи жолу комментарий берген. Ал буга чейин журналисттердин суроосунан качып келген.

Викторина учкай гана буларды айткан: “ Мен көп жылдан бери жолдошум, балдарым менен Америкада жашайм. Атам менен салкын мамиледемин. Чанда гана, анда дагы кыска-нуска сүйлөшөм, мисалы, “Кызым, куттуктайм!”, “Жаңы жылыңыз менен, ата!”. Болду, ушу гана. Биз бири-бирибиздин жеке жашообузга кийлигишпейбиз. Ошондон улам, турмушубуз жөнүндө такыр сүйлөшпөйбүз. Ошентсе да өгөй энем менен атамдын ажырашып жатканы мага күтүүсүз болду жана алардын ажырашуусу боюнча кызыктай жагдай түзүлдү. Дегеним, азыркы атамдын жаңы сүйүктүүсү – 29 жаштагы ассистент Татьяна Брухунованын кош бойлуу боюнча тастыкталган маалыматты тапкан жокмун”.

Степаненко Петросяндын төртүнчү аялы. Экөөнүн ортосунда бала болгон эмес. Буга чейинки аялдарынан да баласы жок. Биринчи никесинен гана кыздуу болгон. Жалгыз кызынан неберелери бар.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.