Орозбек ТҮГӨЛБАЕВ, маркумдун атасы: «Салтанатым эми жок»

Орозбек ТҮГӨЛБАЕВ, маркумдун атасы: «Салтанатым эми жок»

Белгилүү алып баруучу, мыкты тамада, маданиятка эмгек сиңирген ишмер, 46 жаштагы Салтанат Саматова узакка созулган оорудан (соңку бир жылда рак оорусу күчөп, дарыланып жаткан. Муну өзү да ачыктап, бир курдай маегинде: “Башым эле ооруй берчү, томографиядан өтсөм, рак экен. Врач мага эмес, жолдошума айтыптыр. Мен ошондо: “бул ооруну мен жеңем. Өзүнө ишенген адам гана жеңе алат”,- дегем деп сыр бербей жаркылдаган эле. Чөкпөй, өмүрүнүн акырына чейин жаркылдап иштеп жүргөнүн баарыбыз эле көрдүк. Жакындарынын айтуусунда, ал бул оору менен 6 жыл алышыптыр. Тилекке каршы, ал оору акыры алып кетти – авт.). кийин түндө көз жумганы боюнча кесиптештери билдирди. Маркум менен коштошуу зыйнаты эртең 16-августта саат 10:00дө КТРде болот. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат. Маркумдун артында бир уул, бир кызы калды.

«Сакинимди эскерип койгула!»

«Салтанатым эми жок! Сакинимди жакшы көргөндөр бир эскерип койгула. Жаркылдаган Салтанат Саматова дүйнөдөн өтүп кетти”, — деп жазды атасы Орозбек Түгөлбаев.

Көгүлтүр экрандагы жаркылдаган элеси…

Салтанат Саматова жөнүндө учкай ата турган болсок, ал 1972-жылы 1-мартта Бишкекте (мурунку Фрунзе шаарында) төрөлгөн. Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектебин, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин музыка факультетин бүтүргөн. Ал Кыргыз улуттук радиосунда, “Европа плюста» иштеген. КТРКда “Акыл ордо” интеллектуалдык ток-шоусунун алып баруучу эле… Сонун адам эле. Көгүлтүр экрандагы жаркылдаган элеси мезгил менен катып калды.

“Алакан” сайтынын эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнө, бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.