Экс-президент менен спикер бүгүн кайда болду?

Экс-президент менен спикер бүгүн кайда болду?

Бүгүн — Курман айт, ал мусулмандардын ири майрамы болуп саналат. Кыргызстанда калктын 80 пайыздан көбүн мусулмандар түзөт. Мусулмандар бүгүнкү майрамдык айт намазды Эски аянтта өткөрүштү. Аянтка Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков менен президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев барып, намаз окулаардын алдында куттуктоо сөзүн сүйлөштү. Спикердин куттуктоосу төмөндөгүдөй:

Урматтуу мекендештер! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан ыйык Курман айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Курман айт – ыйык Меккедеги ажылык зыяраттын аяктагандыгына туура келген мусулмандардын негизги майрамдарынын бири жана адамзатты мээримдүүлүк менен айкөлдүккө үндөгөн улуу күн. Бул күнү ар бир үйдө жайылган майрамдык дасторконго туугандар жана жакын санаалаш достор чогулушуп, жакшы ой-максаттарды Жараткандан тилешет. Ошондой эле, Курман айтта кайрымдуулук иш-чаралары арбын өткөрүлүп, муктаждарга жардам көрсөтүлөт.

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Ушул ыйык майрамда айтылган ар бир тилек кабыл болуп, бардык үйгө ынтымак жана кубаныч орносун. Адамдык аруу сапаттардын калыптанышына өбөлгө болуп, өлкөбүз биримдикте өнүксүн. Баарыңыздарга бекем ден-соолук, узак өмүр жана ырыс-кут тилейм! Айтыңыздар маарек болсун!

Дастанбек Жумабеков былтыр 7-ноябрда экс-президент А.Атамбаев менен чогуу «Ата-Бейитке барып, гүл койду эле. Бүгүн бейитке барбаса да, шейит кеткендерди эстеп, куран окуса керек. Шейит кеткендер канкор Бакиев бийлигин кулатпаса, Атамбаев президент, Жумабеков спикер болот беле, аны бир Кудай билмек.  Атамбаев хандык тактыдан түшкөндөн бери «Ата-Бейитке» каттап калды. Бүгүн да ошол жерде болуптур…

Атамбаев Арашандагы мечитте намаз окуду

Экс-президент, КСДПнын төрагасы Алмазбек Атамбаев Курман айт намазды Арашан айылындагы мечитте жамаат менен чогуу окуганы тууралуу КСДПнын басма сөз кызматы кабарлады. Алардын айтымында, Атамбаев намаздан кийин “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барып, 2010-жылы апрель окуясында курман болгондорду эскерүү, аларга багыштап куран окуу иш-чараларына катышкан. Ошондой эле ал Апрель окуясында жакындарын жоготкондор менен жолугуп, алардын арыз-муңун уккан.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.