Темир Сариев менен Өмүрбек Бабановдун ак тилеги

Темир Сариев менен Өмүрбек Бабановдун ак тилеги

Бүгүн мусулмандардын Курман айт майрамы белгиленүүдө. Бардык саясатчылар таң аткандан бери кыргызстандыктарды куттукташууда жана күн батканга чейин куттукташат.

Алыста жүрсө да ар кайсы майрамдарда экс-депутат Өмүрбек Бабанов мекендештерин унутпай, өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жердештерин куттуктап келет. Бу жолу да мусулмандарды Курман айт майрамы менен куттуктады.

Аны менен катар  “Ак-Шумкар” партиясынын лидери, мурунку премьер-министр Темир Сариевдин куттуктоосу бар. Белгилүү, тажрыйбалуу саясатчылардын элге кайрылып айткан ак тилектери төмөндөгүдөй.

Өмүрбек БАБАНОВ: “Курман айт айкөлдүктүн улуу күнү”

Урматтуу мекендештерим!

Ыйык Курман айт майрамыбыз менен чын дилимден куттуктайм! Курмандыктарыбызды, тилектерибизди жана аткарган милдеттерибизди жаратканым кабыл кылып, өлкөбүзгө тынчтык менен бакубаттуулук тартуулоосун тилеймин.

Курман айт жакшылыктардын, кайрымдуулуктун жана айкөлдүктүн улуу күнү. Ар бириңиздерге максаттардын орундалуусун, чың ден соолук, узак өмүк жана бакыт каалайм. Айт маарек болсун!”

Темир САРИЕВ: “Өнүгүү үчүн секирик зарыл болуп турат”

Урматтуу мусулмандар! Ардактуу мекендештер!

-Сиздерди Курман айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Айт маарек болсун!

Бул күнү Дүйнөдөгү миллиондогон мусулмандар кудайдын ыраазычылыгы үчүн курмандык чалып, эң аруу жана таза тилектерди тиленишет. Дал ушул тилектердин аткарылышын, ар бир адамга, ар бир үй-бүлөгө жана жалпы өлкөбүзгө тынчтык, ынтымак-ырашкерлик жана өнүгүү каалайм.
Биздин өлкөгө учурда биримдик жана өнүгүү үчүн кескин секирик зарыл болуп турат. Дал ушул секирикти баарыбыз биргеликте сабырдуулук жана жигердүүлүк менен ишке ашыралы!

Айт маарек болсун!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.