Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: “Курман айтта тилектерибиз кабыл болсун!”

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: “Курман айтта тилектерибиз кабыл болсун!”

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев кыргызстандыктарды ыйык Курман айт майрамы менен куттуктады.
Урматтуу мекендештер! Кыргызстандын мусулмандары! Сиздерди ыйык Курман айт майрамыңыздар менен куттуктайм!
Курман айт – кайрымдуулуктун, кечиримдүүлүктүн, боорукерликтин майрамы. Бул күнү мусулмандар курмандык чалып, Жараткандын алдында ыйык милдетин аткарышат, дасторкон жайып, жакшы тилек, жайдары маанай менен тосуп алышат. Бул улуу күн – адамдардын дилинин тазарышына, ыймандуу, кайрымдуу болушуна үндөгөн касиеттүү күн.

Курман айт күнү тилектерибиз кабыл болуп, ар бирибиздин жүрөгүбүздө ыйман-ырыскы уяласын!
Жакшы ой-максаттарыңыздар ишке ашып, ыйык Мекке шаарында мусулмандык парзын аткарып жүргөн кыргызстандыктардын ажылык зыяраттары кабыл болуп, мекенибизге аман-эсен кайтып келишсин!
Өлкөбүз кубаттуу, туруктуу болуп, ар дайым өсүп-өнүгүү коштоп турсун! Ата Мекенибиздин асманы ачык, жеринде тынчтык, элинде ынтымак жана биримдик орноп, бейпилдик өкүм сүрсүн!
Айтыңыздар маарек болсун, урматтуу мекендештер!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.