Көкбөрүдө «Бакубат-Талас» утту. Кимге тез жардам келди? (ВИДЕО)

Көкбөрүдө «Бакубат-Талас» утту. Кимге тез жардам келди? (ВИДЕО)

Президенттин кубогуна арналган көкбөрү боюнча республикалык мелдеш 17-августта башталып, бүгүн, 30-августта жыйынтыкталды. Таймашка 12 команда катышты. Финалга Талас облусунан “Бакубат Талас” командасы менен Ысык-Көл облусунан “Толкун” командасы чыгып, алар бүгүн Бишкектеги «Ак-Кула» ат майданында беттешип, жыйынтыгында 1:0 эсебинде «Бакубат Талас» жеңип алды. Баш байгени президенттин аппарат башчысы Досалы Эсеналиев тапшырды. 

Баш байгедеги таймашта “Бакубат Талас” командасындагы көкбөрүчү Доорон Айдаров тайказанга күү менен урунуп, аттан жыгылып, тез жардам келип, алып кетти. Доорондун жыгылганы менен кошо финалды толугу менен видеодон көрсөңүздөр болот.

Сүрөт: «Спутниктен» алынды.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.