Каныбек МЫРЗАКАНОВ: “Президенттин чоң атасынын сөөгү Украинадан табылды”

Каныбек МЫРЗАКАНОВ: “Президенттин чоң атасынын сөөгү Украинадан табылды”

2015-жылы негизделген “Эрдик-Подвиг” коомдук бирикмесинин жетекчиси Каныбек Мырзакановдун айтымында, президент Сооронбай Жээнбековдун Экинчи дүйнөлүк согушта дайынсыз жоголгон чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сөөгү көмүлгөн жай Украинадан табылган. Президент быйыл 9-майга карата 8-майда К.Мырзакановду кабыл алып, 1941-жылы согушка кеткен чоң атасынын дайын-дареги белгисиз экенин айткан. Ошол жолугушуудан кийин эле аталган бирикме иликтөө иштерин баштаган. Натыйжада Орусиянын Коргоо министрлигинин советтик жоокерлеринин базасынан Пирназаров жөнүндө маалыматтар табылган. Документтерге ылайык президенттин чоң атасы 1944-жылдын 27-апрелинде Украинанын Сумск (Сумская) облусунун Конотоп шаарындагы ооруканада каза болгон. Украинанын Кыргызстандагы элчилиги аркылуу изилдөөчүлөр Жээнбек Пирназаров көмүлгөн бейитти аныкташкан. Украина мүрзөнүн жана эстеликтин сүрөтүн жөнөткөн. “Эрдик-Подвиг” бул боюнча президенттик аппаратка билдирүү жөнөткөн. Мекеме өкүлдөрү президенттин чоң атасынын сөөгү көмүлгөн жердин табылышы согушта курман болгондорду издөөгө көмөк берүү шарттарын караган мыйзамдын кабыл алынышына шарт түзөт деп үмүт кылып турушат.

Президент чоң атасынын сүрөтүн көтөрүп чыгып…

Эсиңиздерде болсо керек, президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарында быйыл 9-майда өткөн “Өлбөс полк” акциясына катышып, согушта дайынсыз жоголгондордун тизмесинде катталган чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтүн көтөрүп чыккан. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү тараткан кабарга караганда, Пирназаровдун балдары Эрмамат Жээнбеков менен Токтомамат Жээнбеков фронттон жарадар болуп кайткан.

Бирикме канча жоокердин дарегин тактаган? 

“Эрдик-Подвиг” согушта курман болгон 1612 кыргызстандык жоокердин дайын-дарегин тактаган. Алардын ичинде экс-депутат Бөдөш Мамырованын, коомдук ишмер Топчугүл Шайдуллаеванын, БШКнын учурдагы төрайымы Нуржан Шайлдабекованын, Эл артисттери Дарика Жалгасынова менен Эсен Нурманбетованын да аталары, чоң аталары бар.

Негизи эле билген кишиге Каныбек Мырзаканов пайдалуу иш кылууда. Ушундай адамга, бирикмеге каражат жагынан бийлик, чиновниктер жардам кылса жакшы болмок. Болбогон нерсеге акча короткондон көрө, ушул бирикменин ишине коротсо чоң соопчулук болмок..

P.S. «Эрдик-Подвиг» коомдук бирикмесинин жетекчиси Каныбек Мырзаканов менен кенен маекти жакында окуй аласыздар!

 Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.