Кызганычтан сүйгөн кызын өлтүргөн жигит кармалды

Бул каргашалуу окуя Ташкент облусунун Паркент районунда болгон. Ал жерде жашаган жигит сүйгөн кызын өлтүрүп, ал турмушка чыга турган баланы оор жарадар кылган. Күбөлөрдүн айтымында, бычак жеген кыз окуя болгон жерде көз жумуп, ал турмушка чыга турган бала оор абалда ооруканага жеткирилген. Киши өлтүрүүгө шектелген жигит милиция тарабынан кармалды. Милициялардын айтымында, айыпталуучу сүйгөн кызынын башка жигитке турмушка чыгарын угуп, кызганычтан улам түгөйлөргө кол салган. Келерки аптада алардын үйлөнүү үлпөтү болмок.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.