Депутатты арматура менен урган адам “Раиммиллиондун” өкүл баласыбы?

Депутатты арматура менен урган адам “Раиммиллиондун” өкүл баласыбы?

Мамлекеттик бажы кызматынын Ош облустук башкармалыгынын кызматкери Эмилбек Кимсанов Кара-Суу районунун Мады айылдык кеңешинин депутаты Тургунбек Жумаевди сабап салды деп шектелип жатканы тууралуу “Азаттык” жазып чыкты. Аларга Ош шаардык ички иштер башкармалыгындагы булактары билдиришкен. Алардын айтымында, Кимсанов жергиликтүү кеңеш аркылуу Мады айылынан жер сатып алууга аракет кылган, ага Жумаев каршы болгон. Ага ачууланган бажы кызматкери депутатты Ош шаарынын Кулатов кичирайону жакта жайгашкан өзүнүн үйүнө алдырып, бир нече балдар менен сабаган. Ал Жумаевди арматура менен уруп, тапанча менен опузалаган. Тургунбек Жумаев бир нече күн ооруканада жатып, араң өзүнө келген.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголгону же козголбогону азырынча белгисиз. Ош шаардык ички башкармалыгынын басма сөз кызматы комментарий берүүдөн карманып жатыптыр… “Азаттык” ишенимдүү булактарынын билдирүүсүнө караганда, Эмилбек Кимсанов Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы экенин тастыкташкан. Баса, Э.Кимсанов бажыдагы ишинен тышкары, ал Кыргызстандын Дзюдо федерациясынын Ош облусу боюнча жетекчиси.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.