Темир САРИЕВ: «Эгемендүүлүктү сыймык менен тосуп алалы!»

Темир САРИЕВ: «Эгемендүүлүктү сыймык менен тосуп алалы!»

Кымбаттуу Кыргызстандыктар! Урматтуу Мекендештер!

Бүгүн жалпы Кыргызстандыктарды Эгемендүүлүктүн 27-жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайм жана элибизге тынчтык, ынтымак, биримдик тилейм. Элибиздин, мекенибиздин кубанычтуу эркиндигинин 27 – көз ирмемин, эң маанилүү, өлкөбүздүн өнүгүүгө багыт алган мезгилинде жашап жатабыз. Андыктан Эгемендүүлүк салтанатын жалпыбыз сыймыктануу менен тосуп алууга тийишпиз.

Урматтуу Мекендештер!

Дагы бир жолу бүткүл кыргыз элимди бүгүнкү Эгемендүүлүк майрамы менен чын дилимден куттуктайм жана бардык кыргызстандыктарга бекем ден-соолукту, бакубат жашоону, ынтымак-ырашкерликти, тынчтыкты, бекем достукту, берекени, бактылуу жашоону каалайм. Эгемен элиме жаратканым жакшылыгы менен ысык мамиленин асыл сапаттарын алып келсин! Кыргызстаныбыздын асманы ачык, келечеги кең болсун!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.