Гүлнур САТЫЛГАНОВА: “Кыргыз Кайрат Эркин болбосо популярдуу болмок эмес” (ВИДЕО)

Гүлнур САТЫЛГАНОВА: “Кыргыз Кайрат Эркин болбосо популярдуу болмок эмес” (ВИДЕО)

Учурда ырчы Кыргыз Кайрат менен белгилүү продюсер, «Инсан” тобунун жетекчиси Эркин Мээркановдун келишиминин бузулушу боюнча кызуу талкууга алынып, сөз болууда. Алсак, Кыргыз эл артисти, ырчы Гүлнур Сатылганова Эркин Мээркановду колдоп, ырчы Кайрат Кыргызга нааразы болгон көз карашын Фейсбук баракчасына жазып чыкты. Ал төмөндөгүдөй.

«Кайрат Салмакеев буга чейин ырдап эле жүргөн, бирок, бир ырды да элге жеткире алган жок, эч ким тааныбачу. Албетте, Эркин Мээрканов болбосо чыкмак эмес, дагы эле жүрмөк да. Чыкса чыкпайт беле, жашы деле бизден бир аз эле кичүү. Мына бир жылга жетпей, жаманбы, жакшыбы,”Кайрат Кыргыз” деген ат популярдуу болду. Эркиндин мыкты чыгармасы менен деңгээли бир топ көтөрүлдү эле. Деңгээли төмөн адамга айла жок экен да, орустар айтмакчы: “Сколько волка не корми, всёравно смотрит в лес” болуптур да. Бул кылганы туура эмес.

Эркин абдан ак көңүл, адамгерчиликтүү, өтө таланттуу бала. Ал «Инсан» тобун түзүп, аны 30 жылдан бери жетектеп келет. Мен аны менен 20 жылдан бери иштешип жүрөм. Менин репертуарымдагы көп, сонун ырлардын автору, алсак, “Апакем”, “Санат ыры”, “Керемет дүйнө”, “Ал сүйүүнүн келгени”, “Ашыктык ыры”, “Күн достор”, “Жалындат”, “Туулган жер”.

Ушул Кайрат Кыргызды чыгарам деп болгон акчасынын баарын жумшаганын да билем. «Жаштык кез» деген ырын Эркин «дуэт ырдап койчу» деп суранганынан Эркинди колдоп ырдадым эле. Ыр да сонун ыр. Эркин Кайратты сотко берип жатса, демек, ал ошончолукка жеткирген. Кайрат Эркиндин эмгегин төлөп бериши керек! Же кутурбай, беш жыл иштеш керек болчу. Ал чыгармачылыгын андан да өстүрсө болмок. Бирок, уяты, тартиби, жоопкерчилиги, адамгерчилиги жок болгон үчүн ушинтип жатат да. Анан андан эми эмнени күтүүгө болот? Калп сүйлөгөн адамдан түңүлүш керек. Сонун, түбөлүктүү ырларды, чыгармаларды жаратып элге тартуулап, ак эмгеги менен жашап жаткан таланттардын көңүлүн оорутуп, капа кылган адамдарды Кудайым өзү жазалайт! Эркин, сен таланттуусуң, сени дайым колдойм”.

Элмара ТУРСУНАЛИЕВА: «Кайрат кантип калп айттың?!»

Ошондой эле белгилүү алып баруучу Элмара Турсуналиева дагы Фейсбуктагы баракчасына: «Калпты кантип айттын Кайрат?! «Эркин Мээрканов менин продюсерим эмес» деп. Оозуңа толтуруп айтканың карандай калп да! Мына расмий түзүлгөн контракт!Бирөөнүн мээнетин тебелеген болбойт!«,-деп жазып, келишимдин көчүрмөсүн койду.

Аны менен катар айрым чыгармачыл адамдар Э.Мээрканов менен Кайраттын «Таңкы маанай» берген маегин да Ютубга жайгаштырышты.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.