Атамбаев менен Текебаевдин чыры эмнеден чыкканын Шыкмаматов айтып бериптир

Атамбаев менен Текебаевдин чыры эмнеден чыкканын Шыкмаматов айтып бериптир

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов бүгүн “Спутникке” барып кызыктуу маек куруп бериптир. Ө.Чиркешович жөнүндө суроого жообун гана берип турубуз.  

-Өткөн аптада «Өмүрбек Текебаев каза болду» деген жалган маалымат тарап кетти. Бул нерсе кимге керек боду деп ойлойсуз? Учурда анын абалы кандай?

— Кудайга шүгүр, лидерибиз аман-эсен. Муну мен тек гана көрө албастардын кылганы деп баалайм. Өмүрбек Чиркешович бир ай ооруканада жатты. Ошол 30 күндүн беш күнүндө Ысык-Көлдө болуп барбай калбасам, башка маалда күндө барып турдум. Маанайы жакшы, абалы да азыр бир топ дурус болуп калды. Ал кишинин саясий сезимталдыгы, алдыга туура божомолдой билүүсү күчтүү. Анткени өлкөнүн бардык саясий турмушуна активдүү катышып, өз жон териси менен сезген саясатчы. Мурдагы бийлик учурунда адилетсиз абакка отуруп калган Текебаев акыры чындык жеңерине ишенет.

— Мурдагы бийлик демекчи, Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаев бир кезде үзөңгүлөш эле. Кийин экөөнүн ортосунда жарака пайда болду. Буга Өмүрбек Чиркешович өкүнбөйбү?

— Жок. Экөөнүн чыры эмнеден чыкты? Текебаев «Конституцияны оңдобо, сот реформасын талкалаба, мурдагы жан-жөкөрлөрүңдү жогорку кызматтарга койбо. Элдин деми менен келгенбиз, эл эмне дейт?»,- деди. Эми мунун аягы ушул менен эле бүтүп калбайт да. Ар бир адам өзү кетирген катасы үчүн жооп берет.

— Эл арасында «Өмүрбек Текебаевди мунапыс аркылуу бошотуу боюнча маселе каралып, бирок өзү «акталып чыгышым керек» деген жообу менен баш тартып койгондугу айтылып жатат. Бул чынбы?

— Бул эч кандай ушак эмес. Кубат Оторбаев акыйкатчы кезде президентке расмий түрдө «Текебаевге ырайым кылыңыз» деп кайрылган. Бирок өлкө башчы жооп бере электе эле Текебаев мындай кечиримден баш тарткан. Анткени президенттин ырайым берүүсү соттолгон адам кылмышты моюнга алды дегенди түшүндүрөт. Лидерибиз «мен эч качан кылмышты мойнума албайм, эртели-кеч акталам» деп айткан.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.