Экс-министр Мелис Турганбаев дүйнө чемпионатына катышууда…

Экс-министр Мелис Турганбаев дүйнө чемпионатына катышууда…

Эркин күрөш боюнча ардагерлер арасындагы дүйнөлүк турнир бүгүн башталды. Бу жолку мелдеш Македониянын Скопья шаарында өтүүдө, 28-сентябрда башталып, 30-сентябрда жыйынтыкталат. Бу чемпионатка Кыргызстандан 4 ардагер балбан кеткен, алар: Чынарбек Изабеков (100 кг), мурдагы ИИМ министри Мелис Турганбаев (78 кг), Кубан Эркимбеков (70 кг), Талант Бегалиев (70 кг). Бул тууралуу КРдин Күрөш федерациясынан билдиришти. 56 жаштагы Мелис Турганбаев ушуну менен үчүнчү жолу катышууда. Ал 2016-жылы Польшада өткөн мелдеште коло медалын жеңип алган. Ал эми былтыр Болгариянын Пловдив шаарында өткөн чемпионатта байгесиз кайткан. Бу жолу биздин балбандар баш байгени алып келээр. Ийгилик каалайбыз!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.