Бүгүн кайсы күн? Ата-энеңизди куттуктадыңызбы?

Бүгүн кайсы күн? Ата-энеңизди куттуктадыңызбы?

Бүгүн Карылардын майрамы. “1-октябрь — Эл аралык карылар күнү” деп Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчылыгы 1990-жылы белгилеген. БУУнун маалыматына караганда, Кыргызстандагы ар бир сегизинчи карыя жалгыз жашайт. Бул майрам 18 жылдан бери Кыргызстанда да белгиленип келет. Социалдык фонддун билдирүүсүнө караганда, бүгүнкү күнү, ушул тапта Кыргызстанда 648 миң пенсионер бар. Өлкөдө пенсиянын орточо көлөмү 5412 сомду түзөт.

Ушул күндү утурлай, бүгүн Бишкекте “Улгайган адамдардын жашоо сапатын жогорулатуу” боюнча Улуттук программаны талкуулаган эл аралык конференция болот. Анда башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы, жыйынтыктар тууралуу сөз болот. Эки күндүк иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары жана Орусия, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан, Армениядан эксперттер катышат.

Урматтуу, ардактуу ата-энелер, бүгүнкү майрамыңыздар менен “Алакан” сайтынын эмгек жамааты куттуктап, сиздерге бардык жакшылыктарды каалайт. Сиздер бар үчүн дүйнө жарык, асманыбыз ачык. Сиздерге төмөнкү ырды тартуулайбыз!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.