Иса ӨМҮРКУЛОВ: «Өкмөт эскиче иштеп жаткандыктан экономика өнүкпөй жатат”

Иса ӨМҮРКУЛОВ: «Өкмөт эскиче иштеп жаткандыктан экономика өнүкпөй жатат”

“Экономикадан аксап келатабыз” деп эле келатабыз. Өкмөт алмашканы менен өлкөдө өндүрүш өксүп, экономика жылбай келатканы кашкайган чындык. Дал ушул маселе боюнча, өткөн жуманын аптасында, КСДП фракциясы жыйын өткөрүштү. Алар өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү багытында Өкмөттүн аткарган иши, Бизнести жүргүзүү (Doing Business) жана Глобалдык атаандаштыкка туруштук берүү индекси (The Global Competitiveness Index) рейтингдеринде Кыргызстандын көрсөткүчтөрү жөнүндө маселени карашты. Жыйынга вице-премьер-министр Замирбек Аскаров баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышкан. Анда Иса Өмүркулов менен Ирина Карамушкина Өкмөт менен Айыл чарбасын сынга алган.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаровдун айтымында, Кыргызстандын айыл чарбасы менен тигүү өнөр жайынын өнүмдөрү негизинен экспортко багытталган. «Биз тигүү өнөр жайына патент киргизгенден кийин экспорттун көлөмү кыйла өскөнү байкалды. Азыр Кыргызстанда тигилген кийим-кечелер Россиянын базарларында эле эмес, маркеттерде да сатылып жатат», — деген.

КСДП фракциясынын башчысы Иса Өмүркуловдун пикиринде, жалгыз айыл чарбасы менен тигүү өнөр жайын карап отура бербей, тамак-аш сындуу тармактарды да экспортко чыгаруу жолдорун караштыруу зарыл. «Кыргызстан ЕАЭБ алкагынан четтеп калуу коркунучу бар, биз андан сүрүлүп калбашыбыз керек. Коӊшу өлкөлөр өз товарларын Кыргызстандын базарына толтуруп салды. Мисалы, Беларустан сүт азыктары келүүдө, а эртеӊ чегара жабылып калса эмне болот? Биз азык-түлүк коопсуздугун камсыз кыла алабызбы? Өкмөттүн эскиче иштеп, стратегиясы жоктугунан улам экономика өнүкпөй, ири ишкерлер четке кетип жатат”,-дейт И.Өмүркулов.

Ал эми депутат Ирина Карамушкина аймактарда жерди отоо басып, ишканалар жабылып жатканын айтып, Өкмөттө кадрдык тазалоо зарылдыгын белгиледи. «Көп кызматкерлердин мүмкүнчүлүгү чектелүү, башка бирөөнүн мойнунда отурушат. Кимдир бирөөлөр жетелеп келген жек-жаатыӊарды калкалаганды токтоткула. Алардан тезинен кутулуп, дасыккан адистерди тартыш керек. Президент аймактарды өнүктүрүүгө даяр, бирок мындай кадрлар менен аны ишке ашыра албайбыз. Айрыкча Айыл чарба министрлигинин ишине көӊүл бурулууга тийиш», — дейт депутат.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.