Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: “Уланбектин өлүмүнөн кийин сиздер менен жолугушуу оор болуп турат”

Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: “Уланбектин өлүмүнөн кийин сиздер менен жолугушуу оор болуп турат”

«Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө олуттуу колдоо көрсөткөнү, мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө кошкон орчундуу салымы жана жигердүү жарандык позициясы үчүн «Азаттык Медиа» мекемесинин журналисти Эгизбаев Уланбек Токтосуновичке көзү өткөндөн кийин «Эрдик» медалы менен сыйланганы” тууралуу маалымат 30-августта жарыяланган. Ошол сыйлыктын сааты бүгүн (1-октябрда) чыгып, маркумдун медалы ата-энеси Жыпаркүл Сариева менен Токтосун Калиевге тапшырылды. Президент С.Жээнбеков өзү тапшырып, көңүл айтып, У. Эгизбаевди эскертип өттү. «Сиздер татыктуу уулду тарбиялагансыздар. Уланбек бүт кыргыз элинин уулу. Мага да Уланбектин өлүмүнөн кийин сиздер менен жолугушуу оор болуп турат. Ата катары сиздердин кайгыңыздарды жакшы түшүнөм. Уланбек уулубуз коррупцияга каршы күрөштө мамлекеттик саясатты активдүү колдогон. Уланбек Эгизбаевдин журналисттик иликтөөлөрү менен жакшы тааныш элем, ага өзгөчө көңүл бурууну талап кылам. Таланттуу журналист Уланбек Эгизбаевдин ысымы кыргызстандыктардын жүрөгүндө, атамекендик журналистиканын тарыхында сакталып калат”,-деди президент.

Маркумдун ата-энеси президентке, бардык кыргызстандыктарга ыраазылык билдирди: «Уулубуздан айрылган алгачкы күндөрдөн тартып көңүл бөлүп, колдоп, бизди кайраттандырып келесиздер».

Эскерте кетсек, чыгаан журналист Уланбек Эгизбаев 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн жеринен каза болгон. ИИМ соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, “сууга чөгүп каза болгон” дешкен.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.