Фарид Ниязов, Нуржан Шайлдабекова декларация тапшырган эмес (Тизме)

Фарид Ниязов, Нуржан Шайлдабекова декларация тапшырган эмес (Тизме)

Бүгүн, 3-октябрда, Мамлекеттик салык кызматынын сайты 1-октябрга чейин декларация тапшырбагандардын тизмесин жарыялады. Алар:

  1. Президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Нурханбек Момуналиев;
  2. Президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов;
  3. Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Алиясбек Алымкулов;
  4. Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева;
  5. КР президентинин Конституциялык палатадагы туруктуу өкүлү Нурбек Касымбеков;
  6. Аламүдүн районунун сотунун төрагасы Азамат Узакбаев;
  7. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова;

Булардан тышкары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин 1754ү киреше жана чыгашалары тууралуу декларация тапшырган эмес.

 

  1. Биринчи орунда Мэрия, айыл өкмөттөрү жана жергиликтүү кенештер турат — 537;
  2. Кийинки орунда ИИМ ээлептир, алардан — 470;
  3. Коргонуу иштери боюнча мамлекеттик комитети – 86;
  4. Жаза аткаруу кызматы – 63;
  5. Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук – 38;
  6. Улуттук гвардия – 33;
  7. Жогорку сот – 32;
  8. Мамлекеттик салык кызматы – 32;
  9. Мамлекеттик чек ара кызматы – 29;
  10. Мамлекеттик каттоо кызматы – 25;
  11. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги – 25;
  12. Тышкы иштер министрлиги – 24;
  13. Башкы прокуратура – 21;
  14. Айыл чарба жана мелиорация министрлиги – 19;
  15. Жогорку Кеңеш – 18;
  16. Билим берүү жана илим министрлиги – 16.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.