КЛАССТАШТАР “АЙТЫШЫ”: Аида Касымалиева менен Лунара Мамытова (ВИДЕО)

КЛАССТАШТАР “АЙТЫШЫ”: Аида Касымалиева менен Лунара Мамытова (ВИДЕО)

Айымдардын кайым айтышуусу эмнеден чыкты?

ЖЖ депутаты Аида Касымалиева 24-сентябрда КСДП фракциясында Эмгек жана социалдык өнүгүү министри, анын орун басарлары мамлекеттик, эл аралык уюмдардын эсебинен чет өлкөгө үй-бүлөсү менен барганы тууралуу маалыматтарды текшерүү керектигин, аталган министрликтин адистерин чет өлкөгө чакырган иш-чараларга, окууларга министр жана анын орун басарлары гана барып жатканын, мамлекеттик жогорку кызматтагы адамдар дипломатиялык паспортун эс алууга да пайдаланып жатканын, эреже боюнча мамлекеттик кызматкер чет өлкөгө сапарга чыгаар алдында өкмөт башчыдан уруксат алышы керектигин, министр уруксаты жок эс алууга чыгып кеткенин айтып, коомчулукту козгоду. Социалдык тармактарда “пенсионерлердин акчасына эс алганы туура эмес” деп Эмгек жана өнүгүү министрлиги министрдин орун басары Лунара Мамытованы “тилдеп” эле жатып калышты. Л.Мамытова болсо “пенсионерлер пенсиясын үнөмдөп чогултуп, жер кыдырса болот»деген пикир жаза калам деп ого бетер “таламга” калды. Ага Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова болуша калам деп “балээге” тушукту. Ырчы эжебиздин пикир жазганында “оозуңа таш тийгирлер” деген жери бар, коомчулукка сыягы ушул сөз катуу тийип калды окшойт. Кыскасы, Лунара Мамытова ушак катары бааласа, анын министри Таалайгүл Исакунова каралоо катары кабыл алган. “Ушундай каралап, такталбаган маалымат берүү жакшы эмес. Убакыт болгондо кенен айтып берейин”,- деп “Азаттыкка” жооп берген.  

Лунара МАМЫТОВА: “Аида экөөбүз классташпыз”

Ал эми Л. Мамытова 26-сентябрда НТСтин “Ар тарап” берүүсүндөгү бетме-бетке келип, колундагы кагаздары менен бул маалыматты түшүндүрүүгө аракет кылды. “Аида экөөбүз классташпыз. Бир мектепте, бир класста окуганбыз. Башка партада отурчубуз. Ал беш алса, мен дагы беш алып, атаандашып окучубуз”,- деп, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрилигине бир ай иштеп кетүүгө чакырды. Бул сүйлөшүүнү толугу менен төмөнкү ВИДЕОдон көрсөңүздөр болот.

Министр балдарды “сатканбы?”

Биз жогоруда сөз кылып жаткан маалыматты А.Касымалиева министр Т.Исакунова мамлекеттин эсебинен чет өлкөлөргө үй-бүлөсү менен чыгып жүргөнү тууралуу анонимдүү каттар келип түшкөнүн жар салган. Бүгүн болсо депутат өзүнүн Facebook баракчасына Таалайгүл Исакунова чет өлкөгө мамлекеттин эсебинен барган деген маалыматтар эми документ аркылуу далилденип жатканын жазды. “Исакунованын Аргентина менен АКШга чыккан бир эле учурун мисал катары келтирейин. Ал бул өлкөлөргө премьердин уруксаты жок барган. Келгенден кийин  иш сапары боюнча премьерге отчет берген эмес. Кызыгы, дал ошол даталарга эмгек өргүү алган экен. Ал жакта балдарды сатуу боюнча орчундуу тема талкууланган экен. Менде булардын баарын далилдеген документтер бар», — деген А.Касымалиева коомчулукту дагы бир козгоп, Фейсбукту “жарды”.

Кандай болгон күндө да, бул тамаша эмес жана бир гана депутаттын маселеси эмес. Эгер далилдеген документтер чындап бар болсо, анда министрди мыйзам чегинде токтоосуз жоопко тартууну талап кылышыбыз керек!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.