Маданият министри ким болот: Раев же Жунусов?

Маданият министри ким болот: Раев же Жунусов?

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов узак оорудан (8-октябрда) көз жумгандан бери ордуна эч ким дайындала элек. Бүгүн министрдин милдетин аткарып турууга премьер-министр М.Абылгазиев буйругу менен статс-катчы Бактыбек Секимов дайындалды. Ал ошол бойдон министр болуп калабы же жокпу, аны бир Кудай, премьер, депутаттар билет. Себеби, мыйзам боюнча министрликке талапкерлерди премьер-министр Жогорку Кеңешке сунуштайт.

Бирок, ага чейин аты аталып жаткандар бар. Алар: Керим Турапов, Султан Раев, Ибрагим Жунусов. С.Раев менен И.Жунусов аталган министрликте министр болуп иштеп кеткен. Андан тышкары, С.Раев бул кызматка былтыр күзүндө талапкерлигин көрсөткөн. Жыйынтыгында, С.Жумагулов депутаттардан колдоо таап кеткен. Баса, былтыр Күмөндөр Абылов да ат салышкан. Андыктан быйыл да талапкерлигин коюшу мүмкүн…

Аты аталган инсандардын кимиси бул кызматка татыктуу деп ойлойсуз, окурман?!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.