Мурдагы вице-премьер-министр Зилалиев үч жылга кесилди

Мурдагы вице-премьер-министр Зилалиев үч жылга кесилди

Бүгүн, 18-октябрда Биринчи май райондук соту мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге чечим чыгарып, аны күнөөлүү деп таап, үч жылга шарттуу кести. Бүгүнкү соттун чечими боюнча ал комментарий бере элек. Буга чейинки соттук териштирүүдө өзү, адвокаты коюлган айыптарды негизсиз деп келген. 

Эскерте кетсек, Дүйшөнбек Зилалиевге карата териштирүү иши былтыр башталган. Тагырагы, президент Сооронбай Жээнбековдун былтыр 24-ноябрда болгон инаугурациясынан кийин Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренеси («Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу») менен козголгон. Кылмыш ишин быйыл 30-мартта УКМК козгогон. Инаугурация күнү президенттик кортеж өткөн көчөдө «бомба коюлду» деген кабар тараган. Жергиликтүү маалымат каражаттары бомба тууралуу милицияга ИИМ академиясынын курсанты кабарлаганын, ал эми ага «1532 ВК» мамлекеттик номерлүү «Лексус» машинесинен бир адам билдиргенин жазган. Кийинчерээк «машиненин номуру Зилалиевге таандык» деген маалымат чыккан.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

One thought on “Мурдагы вице-премьер-министр Зилалиев үч жылга кесилди

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.