Жылдыз МУСАБЕКОВА: “Балдарга ак майдын ордуна маргарин берип жатыптыр”

Жылдыз МУСАБЕКОВА: “Балдарга ак майдын ордуна маргарин берип жатыптыр”

Бүгүн, 18-октябрда, Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар кандай маселелер” саатында бала бакчадагы азык-түлүктүн сапаты, көмүр кендериндеги баш-аламандык, ишкерлердин укуктарын коргоо сыяктуу маселелер Өкмөттүн астына коюлганы тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди. Алардын билдирүүсүнө караганда, ар бир депутат ар кайсы маселени көтөргөн. Ал төмөндөгүдөй.

Депутат Жылдыз Мусабекова бала бакчалар менен мектептердеги азык-түлүктөрүнө, анын ичинде сүт продуктыларынын сапатына тынчсызданды. “Бул маселе боюнча өткөрүлгөн тендерлерде дайыма бир эле фирма утат экен. Ал фирма бүгүнкү күндө балдарга ак майдын ордуна маргаринди берип жатыптыр”,-дейт ал. Эл өкүлү Ат-Башы районундагы Кара-Коюн айылына суу каналын куруу менен айдоо жерлери көбөйө тургандыгын Өкмөткө сунуш кылды.

“Бүгүнкү күндө Жайыл району ипподромго муктаж болуп жатат. Мурдагы ипподром болсо “Жунда” мунайды кайра иштетүүчү заводдун аймагында калган.Ат оюндарына кызыккан жаштардын талабы ушундай”,- дейт депутат Бактыбек Райымкулов.

Депутат Ирина Карамушкина Баткендин алыскы Зардалы айылына “Ден соолук” кербенин уюштуруу өтүнүчүнө КР Саламаттыкты сактоо министрлиги ыкчам чара көрүп, аталган иш-чараны өткөрүүгө белсенип жаткандыгына ыраазчылык билдирди.

Депутат Айнуру Алтыбаева уюлдук компанияларга лицензияларды берүү боюнча КР Байланыш агенттигинин жетекчилеринин аракеттери түшүнүксүз экенин билдирип, алардын ишмердүүлүгүн карап чыгууну сунуш кылды.

Депутат Дастан Бекешев КР Өкмөтү 2017-жылы сентябрь айында Кумтөр алтын кенин иштеткен “Центтерра” компаниясы менен келишимге кол койгондугун эске салып, бирок ал келишим Жогорку Кеңеште жоктугун белгилеп, аткаруу бийлигинен бул келишим тууралуу маалымат берүүнү талап кылды. “Бул компания тарабынан экологиялык иш-чараларга убада кылынган каражаттар келбей эле”.- дейт ал. Мындан сырткары, эл өкүлү КР Улуттук банкы “Росинбанк” коммерциялык банктын 70%ын сатып алгандыгына токтолуп, дегеле Улуттук банк коммерциялык банктарды сатып албашы керектигин белгиледи.

Депутат Камчыбек Жолдошбаев көмүр кендериндеги баш-аламандыкты токтотуп, тартипке салууну Өкмөткө багыттады.

Депутат Кенжебек Бокоев эл менен болгон жолугушууларда “Баатыр эне” наамын ала турган эненин баладарынын бирин соттолсо, ага берилбей жатканына нааразылыктар көп болуп жатканын маалымдап, бул наамды берүү жөнүндө жобого өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылды. Ошондой эле депутат агропродкорпорация, 2010-жылдагы Ош окуясынан кийин сапатсыз курулган үйлөр, “Ата Түрк” паркына салынып кеткен үйлөр жана башка резонанстуу кылмыш иштер ачылбай эле белгисиз болуп калгандыгын айтып, күч органдарынан маалымат угууну сунуш кылды.

“Жеке ишкерлердин укуктарын коргоо чараларын көрбөй турам”,- деген депутат Аалы Карашев аткаруу бийлиги тарабынан фискализация иштери жүрбөй жатканын, экономикалык көрсөткүчтөр түшүп жатканын жана башка кемчиликтерди тизмектеп, Өкмөт бул маселелерди дыкат иликтеп чыгууга чакырды.

Депутат Рыскелди Момбеков дагы Өкмөттү сынга алды. Бул ирет эл өкүлү 7 жылдан бери “Коопсуз шаар” долбоору жүзөгө ашырылбай жатканына токтолду.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.