Ренат САМУДИНОВ: “Өмүрбек Текебаев түшүмө кирди”

Ренат САМУДИНОВ: “Өмүрбек Текебаев түшүмө кирди”

Активист жараныбыз Ренат Самудинов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына түшү боюнча мындай деп жазды: “Бүгүн түшүмө Өмүрбек Текебаев кирди. Мен машинамды айдап кетип баратсам тротуар менен Өмүрбек Чиркешович бир кызын жана аялын колтугуна кысып алып светофордон өтүп баратыптыр, экинчи кызы артынан ээрчип баратыптыр. Төртөө тең күлүп жайнап бактылуу. Мен ичимен “абактан чыккан турбайбы”,- деп сүйүнүп жатыпмын. Өмүрбек Чиркешовичтин кийинген кийимдери да жарашыктуу, тыкан экен”. Кийим боюнча экс-депутат Гүласал Садырбаева: “Түштөгү жаңы кийим абийир болот. Ренат жакшы түш көрүптүрсүң, түшүң оңунан келсин!”,- деп комментарий калтырды. Ө.Чиркешовичти колдогондор сүйүнүп: “Түшүң туш болсун!” деген комментарийлерди жазышты жана жазышууда. Биз дагы “түшүң туш болуп, Өмүрбек Чиркешович тезирээк бошотулуп, үй-бүлөсүнүн маңдайына келсин!” деген тилекти айтмакчыбыз.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.