Илмиянов Москвадан кармалып, Бишкекке алынып келинди

Илмиянов Москвадан кармалып, Бишкекке алынып келинди

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Икрамжан Илмияновду камоо боюнча сыртынан чечим (18-октябрда) чыгарган. 19-октябрда ага эл аралык издөө жарыяланган. Соттун чечиминде 48 сааттын ичинде И.Илмияновду тергөө абагына алынып келиши керек болчу. УКМК 48 ичинде аны табышкан. УКМКнын журналисттерге билдирүүсүнө караганда, ал Москвадан кармалып, Бишкекке алынып келинген. Бирок азырынча кенен маалымат бериле элек. Алдын ала айрым маалыматтарга таянсак, ал президенттин (Атамбаевдин кезинде) аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп турганда бизнесменден 150 миң доллар пара алгандыгы үчүн айыпталган.

Эскерте кетсек, экс-президент А.Атамбаевдин оң колу, “эрке” баласы Икрамжан Илмиянов анын шоопуру болуп жүрүп эле, “атасы” бийликке келгенде кызматка көтөрүлүп, “майлуу” жерлерде иштегенин баарыбыз эле билебиз. Атамбаев бийликтен кетип жатканда аны аябай мактап, ага “Манас” орденин берип кеткен. Ал орден боюнча бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот.

Илмиянов 1975-жылы Баткендин Лейлек районунда туулган. Бир нече жыл бою «Кыргызавтомаш» жана «Электротехник» акционердик коомдорунда айдоочу болуп иштегени менен белгилүү. Бирок, президенттин сайтындагы маалымат боюнча башкача, анда ал Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетин бүтүргөнү, 2009-2010 — жылдары «Медиа форум» ачык акционердик коомунда экономист болуп иштегени жазылган.

Сүрөттө: И. Илмиянов. Интернетке тараган сүрөтү.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

One thought on “Илмиянов Москвадан кармалып, Бишкекке алынып келинди

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.