Майдандагы эл менен милициялардын тиреши (ВИДЕО)

Майдандагы эл менен милициялардын тиреши (ВИДЕО)

Бүгүн, 23-октябрда, Фейсбук колдонуучулары Баткен облусунун Кадамжай районундагы Майдан айыл аймагында жайгашкан Шамбесай алтын кенин иштетүүгө нааразы болуп чыккан элди милициялар сүйрөп бараткан видеону жана сүрөттөрдү социалдык тармактарга таратышты жана Ютубга жайгаштырышты.

Бирок, мындай маалыматты Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Дамира Юсупова четке кагып, милиция ызы-чуу кылган элди тартипке чакырууга аракет кылганын, эч ким кармалып, камалбаганын “Азаттык” радиосуна билдирген. Анын айтымында, Шамбесай кенин иштетүү үчүн топурак менен сууну иликтеш үчүн адистер барганда эл нааразылыгын билдирген. “Эл «топуракты бербейбиз» деп ызы-чуу салганда милиционерлер тартипти жөнгө салышкан. Ал жерге Үч-Коргон айылдык милиция кызматкерлери барып, тартипти көзөмөлдөп турушкан. Саат 13.30дарда чогулгандар тарап кетишкен”,-деп билдирген Дамира Юсупова.

Эл менен милициялардын тирешин төмөндөгү ВИДЕОдон көрүңүз!

Бул видеодон кийин жана энени сүйрөп бараткан милициянын сүрөтүнөн кийин, кармоо, камоо болгон жок деп кантип айтабыз?!

Эскерте кетсек, Шамбесайда болжол менен 8 тоннага жакын алтын бар. Кенди чалгындоо 2007-жылы башталып, 2012-жылы аны казууга лицензия берилген. Ошондон бери кендин кожоюндары бир канча жолу алмашкан. Учурда кенди иштетүүгө кытайлык “Тианди” компаниясы уруксат алган. Ал эми жергиликтүү калк ага көптөн бери каршы болуп, «Экология бузулат» деп нааразылык токтобой келет.

СҮРӨТ: «Турмуш» сайтынан алынды.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.