КУЛАКТАНДЫРУУ: 24-ноябрда Бишкекте Элдик Курултай болот

КУЛАКТАНДЫРУУ: 24-ноябрда Бишкекте Элдик Курултай болот

Туптуура бир ай, бир күндөн кийин, саясий-коомдук күчтөрдүн Курултайы (24-ноябрда) боло турганын активист жаран Айбек Мырза айтып, Демилгечи топтун билдирүүсүн таратты.   

 

“Бийликтин булагы эл. Жаңы бийликтин келгенине 1 жыл болду. Бул убакта өлкө маанилүү саясий окуяларды башынан кечирди. Эски бийликтин саясаты жаңы бийликтин саясаты менен алмашты. Жаңы бийликтин ийгиликтерине дагы, кемчиликтерине дагы баарыбыз чогуу күбө болуудабыз. Өлкөдө жеткиликтүү деңгээлде сөз, чогулуш эркиндиктери пайда болду, бирок, ошону менен бирге эле, өлкө, экономикалык кыйынчылыка, саясий карама-каршылыктарга багыт алгандай. Мына ушул маселелерди, бардык коомдук саясий күчтөр менен чогуу талкуулап, өлкөнүн өнүгүү келечек багытын аныктоо максатында, кечээ, 22-октябрда Бишкек шаарында, көрүнүктүү саясатчылар, граждандык коомдун, мекенчил күчтөрдүн өкүлдөрү менен акылдашып, ар кандай коомдук-саясий күчтөр жолугушуусун өткөрүп, үстүбүздөгү жылдын 24-ноябрында, Бишкек шаарында, «Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең» аталышта коомдук-саясий күчтөрдүн Курултайын өткөрүү чечимин кабыл алдык. Курултайдын күн тартиби жана катышуучу тараптардын курамы жакын арада жарыяланат”,-деп жазылат билдирүүдө.

Андан тышкары, бардык каалоочуларга эшик ачык экендигин айтылат. “Курултайга катышууга баардык саясий партияларга, коомдук уюмдарга, жарандык коомдорго жана бийлик бутактарына эшик ачык!”,-дейт Демилгечи топтун уюштуруучусу Айбек Мырза.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.