Жээнбеков менен Акаев Өмүркулов жөнүндө эмне деген?

Жээнбеков менен Акаев Өмүркулов жөнүндө эмне деген?

Бүгүн, 31-октябрда КСДПнын саясий кеңешинин жыйыны өткөн. Алар депутат Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алган. Мындай чечимди кабыл алганын себебин алар: “И.Өмүркулов партиянын максаттарына жана партиянын уставына каршы иштерди кылганы үчүн” деген. Партиянын катчылыгы мындай билдирүүнү тараткандан кийин эл арасында ар кандай кептер кетти. Себебин көбү түшүнбөй турган чагы. Анткени И.Өмүркулов Атамбаевдин бийлигинде анын айтканынан чыкпай, кыңк дебей жандап, коргоп келген. Эми минтип азыркы ажого өткөнүнө жол болсун. Сооронбай Жээнбеков тарапка өткөнү боюнча депутат Жанар Акаев “Азаттыкка” айткан. Акаевдин маегин кыскартуу менен бердик.

«Азаттык»: КСДП «Өмүркулов партиянын максаттарына жана уставына каршы иштерди жасаганы үчүн чыгарылды» деп жатат. Ал кандай максат жана кандай иштер? Буга чейин да ушундай эле жүйө менен партия курамындагы депутаттарды катардан чыгарган учурлар болгон. ​

Жанарбек Акаев: Менин билишимче, Иса Өмүркуловдун Алмазбек Атамбаевге буга чейин эле таарынычы болгон. Анткени партияны түзгөндө бул кишини алдыңкы он орунга кошкон эмес.

Бир канча жолу премьер-министр, спикер алмашты. Бул киши «мени премьер-министр же спикер кылат» деген ойдо жүрсө керек. Бирок Атамбаев Өмүркуловго андай кызматтарды ыраа көрбөдү. Ошон үчүн Өмүркуловдун таарынычы бар болчу. Азыр Атамбаев менен ачык тирешүүгө өттү. Иса Өмүркулов президент Сооронбай Жээнбековдун командасына ыктап, эски досу Атамбаевден алыстап кетти. Анын үстүнө жакында эле “Атамбаевсиз КСДП” деп жүргөндөрү кабыл алып, алар менен сүйлөшкөнү мурдагы президенттин ачуусуна тийди окшойт.

Жээнбеков Өмүркулов жөнүндө…

Ар дайым Жанар Акаевге окшоп ачыгын айтып келген коомдук ишмер, “Алиби” гезитинин редактору Бабырбек Жээнбеков былтыр биздин сайтка кенен маек куруп, анда көпчүлүк саясатчылардын жүзүн ачкан эле. Ошондо азыр сөз болуп жаткан депутат Иса Өмүркулов жөнүндө ачык айткан болчу. Ал мындай.

Спикер Чыныбай Турсунбеков да коркок экен го, “президентикке аттанам” деп жар салды эле. “СДПКнын чечимине ким каршы чыкса, ал партиядан чыгат” деп Атамбаев айткандан кийин, унчукпай отуруп калды. Буга көз карашыңыз кандай?

— Сөзүнө турбаган адамды эркек деп айтышка болбойт. Элге жар салгандан кийин, жарышка чыгыш керек болчу. Ага креслосу керек экен, унчукпай отуруп берди. Бизнесинен коркту, кара жанынан коркту. Элди ойлобой, өз кызыкчылыгын ойлогондорду эл кызматына жолотпош керек. Мына Иса Өмүркулов да ичинен күңгүрөнүп жүрөт, Сооронбай Жээнбековго ичи чыкпай. Айла жок колдоп жүрөт, мойнунан байлаган “иттей” болуп. Мойнунан байлаган “ит” болсо ууга жарабайт.

Жээнбековдун маегин толук окуйм десеңиз, анда ал бу ШИЛТЕМЕде.

Өзү эмне дейт болду экен?

Президенттик шайлоонун алдындагы Жээнбековдун айтканы боюнча Иса Өмүркуловдун жүзүн карагыла, азыркысын Акаев айткандай жүзүн карагыла! Ушундай “эки жүздүүлүгүнө” өзү эмне дейт болду экен? Эртең парламентте “арманын” айтса керек. Өзүнөн да сурап, жообун беребиз.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.