Статс-катчы Каримованы кызматка дайындаса, министр кызматтан кетирди. А ырчы болсо..

Статс-катчы Каримованы кызматка дайындаса, министр кызматтан кетирди. А ырчы болсо..

КРнын эмгек сиңирген артисти, 27 жаштагы ырчы Самара Каримова былтыр «Сулайман-Тоо» музей комплексине жетекчи болуп дайындалып, коомчулуктун катуу сынына кабылган. Ошондон кийин ырчы бул кызматтан баш тартып койгон эле.

Эми быйыл минтип дагы кызматтан жолу болбой калды. Тагырагы, Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Самара Каримованы Ныязаалы Борошов атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору кызматынан кечээ бошотту. Себеби, ырчыны бул кызматка министр эмес, статс-катчы дайындаптыр. «Акыркы эки күндө буга чейин кол коюлган документтерди карап жатып С.Каримованы дайындоо боюнча буйрукту көрүп калдым. Буйрукка статс-катчы мен Ташкентте Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүп жүргөндө кол койгон экен. Бул мыйзамсыз болуп саналат. Ушундан улам Каримованы кызматка дайындоо тууралуу чечим жокко чыкты. Ал эми статс-катчыга сөгүш жарыялоо боюнча премьер-министрге сунуш жөнөттүм», — дейт министр.

Ырчы болсо…

Аталган окуу жайга директор болгону боюнча ырчыга министрлик 30-октябрда кабарлаган. Сүйүнгөн ырчы окуу жайга барып, коллективи менен таанышканга үлгүргөн. Мындай маалыматты ырчы өзү Фейсбуктагы баракчасына жазып, алар менен түшкөн сүрөттөрүн жайгаштырды. Андагы жазганын өзгөртүүсүз беребиз. “Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайга барып жалпы коллективи менен 100% катышып чогулуш, таанышуу кылдык. Видео, сүрөттөр окуу жайдын абалы. Имараттын курулганына көп жыл болгон. 1930-жылы курулган. Ушундай абалда ысык-суугуна чыдап, сабактарын таштабай, айлык-маянасынын аздыгына карабай, билим берген мугалимдерге таазим дедим. Жалпы маданият кызматкерлери, эртеңки майрамыңыздар менен! Буюрса биз жасачу иштер али алдыда. Ийгилик гана каалап коюңуздар”,-деп жазган.

Эки күн директор болгон ырчыны жана маданият кызматкерлерин бүгүнкү (2-ноябрдагы) майрамы менен куттуктайбыз!

С.Каримованын май айындагы маегин бу ШИЛТЕМЕден окуп, ырын угуп коюңуздар!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.