Даир Кенекеев эми  «Учкунду» жетектейт

Даир Кенекеев эми  «Учкунду» жетектейт

44 жаштагы Даир Кенекеев Мамлекеттик «Учкун» акционердик коомунун жетекчиси болду. Ал бул кызматка чейин жогорку кызматтарды (Талас облусунун губернатору, вице-премьер-министрликти) аркалап келди.

Жаңы эле бул кызматка отурган Д.Кенекеев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасы бир саат мурун ыраазычылык жазып, сүрөттөрдү жайгаштырды.

Ал мындай деп жазды:

“Урматтуу мекендештер!
Кудай буйруса, Мамлекеттик «Учкун» акционердик коомунун келечегине жакшы жаңылыктарды жаратабыз. 
Ишеним көрсөтүп, колдоп жүргөн адамдарга ыраазычылык билдирем!”.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.