Текебаевдин ысымы стадионго ыйгарылды

Текебаевдин ысымы стадионго ыйгарылды

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин бир тууган иниси, маркум Асылбек Текебаевдин ысымы Базар-Коргон районунун борборунда жаңыдан реконструкцияланган стадионго (бул стадион 1982-1983-жылдары ашар жолу менен курулуп баштап, толук бүтпөй калган. 3300 орунга ылайыкташкан стадионго мамлекеттик бюджеттен 40 миллион сом каралып, оңдоо иштери былтыр башталган эле – авт.) ыйгарылды. Анын ачылышы кечээ, 2-ноябрда болду. Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, депутаттар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Эскерте кетсек, маркум Асылбек Текебаев 2012-жылы, 51 жашында жүрөк оорудан көз жумган. Ал КМУнун журналистика факультетин (1987-жылы) аяктап, бир топ жыл журналист болуп эмгектенген. Алсак, 1987-88-жылдары Базар-Коргон райондук «Эмгек жалыны», 1989-90-жылдары «Мезгил үнү», 1990-91-жылдары «Акыйкат жарчысы» гезиттеринде иштеген. 1993-95-жылдары «Позиция» гезитинин башкы редактору болгон. Өмүрүнүн акыркы жылдары “Ата Мекен” партиясынын Жалал-Абад облусундагы координатору болуп иштеген. Курманбек Бакиевдин бийлиги менен катуу кармашкан. Калыс, жакшы адам болчу…

Сүрөт: «Азаттыктан» алынды.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.