«Атамекенчилер» Текебаев менен Чотоновду эркиндикке чыгарууну талап кылышты!

«Атамекенчилер» Текебаев менен Чотоновду эркиндикке чыгарууну талап кылышты!

Бул тууралуу жыйындын катышуучусу, “Эрдик-Подвиг” коомдук фонддук уюмдун жетекчиси Каныбек Мырзаканов билдирди. Анын айтымында, бүгүн, 4-ноябрда «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү Кант шаарында Жеңиш аянтында тынч жыйын өткөрүшкөн. Тагырагы, «Ата Мекен» партиясынын 26 жылдыгын белгилешкен. Жана жалган жалаа менен абакта отурган партиянын лидери Өмүрбек Текебаевди жана башка саясатчыларды бошотууну талап кылышкан.

Каныбек МЫРЗАКАНОВ: «Тынч жыйындын башталышы»

Каныбек Мырзаканов бүгүнкү жыйындын башталышы  гана экенин баса белгиледи: “Биз мыйзамсыз, жалган жалаа менен камалган партиянын башчысы Өмүрбек Текебаевди, Дүйшөнкул Чотоновду эркиндикке чыгарууну талап кылдык. Ошондой эле Алмазбек Атамбаевдин мезгилинде саясий куугунтуктун курмандыгы болгон бардык саясий туткундарды бошотууну талап кылдык. Бүгүнкү тынч жыйын — бул башталышы. Бул «Ата Мекен» партиясынын республикадагы мүчөлөрүнө жана прогрессивдүү көз караштагы саясий партияларга кайрылуу болду. Себеби демократиялык мамлекетте саясий туткундардын болушу — уят. Биз президенттин жүргүзүп жаткан багытын колдоп, саясий туткундар акталат деп ишенебиз!»

Атамбаевдин сыйлыгынан баш тарткан адам

Каныбек Мырзаканов эл, жерине күйгөн, калыстыкты карманган, позициясы бар мыкты инсан. Ар дайым чындыкты айтып келген Каныбек мырза Атамбаевдин колунан сыйлык албай койгон. Эмне үчүн албай койгонун бул ШИЛТЕМЕден окусаңыздар болот!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.