Бабырбек ЖЭЭНБЕКОВ: «Журналисттердин коомдо ролу чоң” (ВИДЕО)

Бабырбек ЖЭЭНБЕКОВ: «Журналисттердин коомдо ролу чоң” (ВИДЕО)

Бүгүн, 7-ноябрда, Бишкек шаарындагы “Ак сарай” ресторанында, Маалымат жана басма сөз күнүндө көзү өтүп кеткен 120 журналист эскерилип, сүрөт галереясы уюштурулду. Ал жерге маркум кесиптештердин туугандары, журналисттер, саясатчылар, коомдук ишмерлер, депутаттар келишти.

Бүгүнкү келген коноктордун ичинен өзгөчө көңүл борборунда болгон — “Алиби” гезитинин башкы редактору Бабырбек Жээнбеков болду. Себеби, бир жылдан бери Кудайдын сыноосунда жүрдү жана жүрүүдө… Келгенине кубандык, көргөнүбүзгө кубандык, арабызга кайрадан кошулганына сүйүндүк.

Журналистикада, саясатта, коомдо өз орду бар, биз сыймыктанган, сыйлаган, чоң тамгалуу агайыбызды бүгүнкү майрамы менен куттуктап, темирдей бекем ден соолук каалайбыз. Бар болуңуз, дайыма биз менен бир болуңуз, агай!

Бүгүн кесиптештерди куттуктаган сөзүн төмөнкү ВИДЕОдон көрүңүздөр!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.