Айтыштан баш байгени Амантай Кутманалиев жеңип алды

Айтыштан баш байгени Амантай Кутманалиев жеңип алды

Бүгүн, 8-ноябрда Талас шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөө иш-чарасы башталды. Ага президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев, ЖК төрагасы Дастан Жумабеков, «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Садык Шер-Нияз катышты.  Иш-чаранын алкагында «Манас ордо» комплексинде 90 боз үй тигилип, 30 жылкы союлду.

Талас шаарындагы Капар Медетов атындагы музыкалык драма театрында 16 төкмө акын (Абдылда Нуралиев, Амантай Кутманалиев, Баян Акматов, Болот Назаров, Асылбек Маратов, Чыңгызхан Кожошов, Кутман Садыбакасов, Арген Биймырза уулу, Кадырбек Бейшенов, Мамелбек Исраилов, Жылдызбек Төрөканов, Элмирбек Иманалиев (кичүүсү), Мамабектокто Мамбет Орозо, Эламан Келдибеков, Темирбек Матыбаев, Абубакир Бакиров) катышкан айтыш болуп өттү. Байге фонду 1 миллион сомду түзгөн.

Баш байгени “Сарыгашка” атыккан КРнын эмгек сиңирген эл артисти, төкмө акын Амантай Кутманалиев жеңип алып, 200 миң сомго ээ болду. 1-орунду Баян Акматов ээлеп, 150 миң сом алды. 2-орунга Асылбек Маратов менен Абдылда Нуралиев ээ болуп, ар бири 100 миң сомдон алышты. 3-орунду Жылдызбек Төрөканов менен Кадырбек Бейшенов ээлеп, ар бири 50 миң сомдон алышты. Калган төкмө акындар 20 миң сомдон алышты. Куттуктайбыз! Сыйлыгыңар кут болсун!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.