Атамбаев азыркы бийликти Бакиевдин бийлигине салыштырды. Ошондойбу?

Атамбаев азыркы бийликти Бакиевдин бийлигине салыштырды. Ошондойбу?

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 18-ноябрда өзүнүн «Апрель ТВ» каналына барып, орус тилинде кенен маек куруп берди. Анда ал көп нерселерди айтты. Сооронбай Жээнбековдун президенттик шайлоо учурунда шайлоодо канча акча кеткени тууралуу укук коргоочу Нурбек Токтакунов жарыялаган документ тууралуу комментарий берди. “Эмнеге бул маалымат бүгүн жарыяланды”? деген журналисттин суроосуна жооп бергенин «Азаттык» жазып чыкты:

— Эмнеге азыр жарыяланып кеткени белгилүү. Икрам Илмияновду камашты. Муну бухгалтерия​ боюнча штабдын бухгалтери билчү. Ал акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүн алып, башка өлкөгө кетип калды. Ал өз өмүрүнөн коркуп жатат. Анткени азыркы бийлик Бакиевдин жолу менен кетти. Ал жөн гана кетип калды. Бул документ жөнүндө билгендер өз өмүрүнөн коркуп жатышат. Эмнеге Кулматовду паспорт боюнча отургузушту? Бакиевдин тушундагыдай акылсыздык. Алар Медет Садыркуловду “биз каалаганыбызды өлтүрүп коё алабыз» дегенди көрсөткүсү келип өлтүрүшкөн. Булар күнөөсүздөрдү камап салышты. Кубанычбек Кулматовду, Сапар Исаковду камап туруп, айтып жатышат: “Биз каалаганыбызды камайбыз, керек болсо өлтүрүп да коёбуз». Ошондуктан адамдар өз өмүрүнөн коркуп жатышат. Илмияновду камабаса документ чыгып кетмек эмес. Балким бул үй-бүлө өзүнүн чыныгы жүзүн көпкө жашырмак. Мени таң калтырганы — биз атайын фонддун суммасынын чегин алып салганбыз. Эгерде бул таза каражат болсо эмнеге бардык сумманы ачык көрсөткөн жок? Бул албетте өкүнүчтүү.

А.Атамбаев С.Жээнбеков досунун бийлигине нааразыланып, анын эң жакын адамдары: И.Илмиянов, С.Исаков, К.Кулматов жана А.Ибраимовдун камалышына капа экенин да жашырган жок. Алар жөнүндө айткандарын, С.Жээнбеков Атамбаев экөөнүн ортосун кайсы кара мышык аралап кеткени боюнча айткандарын да беребиз. Биздин сайттан алыстабаңыз.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.