Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: “Атамбаев мени жетелеме жетекчиге айланткысы келген…”

Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: “Атамбаев мени жетелеме жетекчиге айланткысы келген…”

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн «Апрель» телеканалына 19-ноябрда барып кенен маек берди. Анда ал досу С.Жээнбековдун кылып жаткан ишине ичи чыкпай жатканын, атүгүл ага учурда каралоо жүрүп жатканын, мындай жалааны Акаев менен Бакиевдин бийлигинде башынан өткөрбөгөнүн баса белгиледи.

«Биздин партиянын соңку курултайында мен жаңы президент Сооронбай Жээнбековго каалоо-тилегимди, сунушумду айткам. Ошондон бери ал бул айтылгандан кандайдыр бир тыянак чыгарат деп күтүп жаткам. Ал биринчи жылында тынчырак иштесин дедим. Бирок ал айткандарыма көңүл бурган жок. Анан калса бул курултайдан кийин мага жана үй-бүлөмө жалган жалаа жабуу, каралоо башталды. Мен мындай калпты жана каралоону Акаев менен Бакиевдин тушунда да башымдан өткөргөн эмесмин. Тилекке каршы, биздин эл мындай жаман нерселерге ишенип алышы мүмкүн. Ошондуктан элге чындыкты айтууга мезгил жетти»,-дейт Атамбаев. Ошондой эле ал байлыгы, Бишкектин жанындагы Кой-Таш айылындагы хан сарайына байланыштуу дооматтарды четке какты. Андан тышкары ал ЖЭБге С.Исаков күнөөлүү эмес, Жээнбеков күнөөлүү деп мурда эле айткан, аны дагы кайталады. “Авария ЖЭБдин эски бөлүгүндө жакшы ремонт болгон эмес. Эски бөлүгүнө 880 миллион сом бөлүнгөн, бирок ага айнек да тагылган эмес. ЖЭБди оңдоо иштери Жээнбеков премьер кезинде болгон. Бирок аварияга Сапар Исаковду күнөөлөп коюшту. Бирок ал күнөөлүү эмес, ал үчүн башка кишилер жооп бериши керек»,-деди экс-президент.

Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: “Мени “саткын” деп атап жүрүшөт”

Президент Сооронбай Жээнбеков 16-ноябрда «24 kg» маалымат агенттигине берген маегинде А.Атамбаев жөнүндө пикирин ачык айткан.

Сооронбай Шарипович, сиздин шайлоо алдындагы урааныңыз — «Кыргыз көчү жолун улайт» эле. “Алмазбек Атамбаевдин жолун улайт” деп түшүнгөндөр да болду. Өзүңүз чечмелеп берсеңиз?

— «Кыргыз көчү жолун улайт» деген ураан менен чыкканмын. Бул жол жеке меники да, сиздики да, же дагы бирөөнүкү да эмес. Бул жол өлкөнүн, нечен кылымдык тарыхы бар элдин, улуу кыргыз элинин көчү. «Бектер кетет, эл калат», ал эми көч улана берет. Дал ошол жолду мен улап баратам жана улай бермекчимин.

Сиз экс-президент менен акыркы жолу качан сүйлөштүңүз эле?

— 29-мартта КСДПнын съездинин алдында жолукканбыз. Анда 4 сааттан ашык сүйлөштүк. Андан кийин жолуккан жокмун.

— Алмазбек Атамбаев экөөңүздөрдүн ортоңуздарда эмне болгонун азыр ачык айта аласызбы? 20 жылдык достуктан кийин эмнеден улам мамилеңиздер сууп, эки ажырым жолго түштүңүздөр?

— Анын 31-мартта айткандары мен үчүн күтүүсүз болду. Ал мени жемкорлукка, ЖЭБдеги кырсыкка айыптады. Партиянын съездине Ош облусундагы партия бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүн, КСДПнын курултайына партиянын Ош облусундагы өкүлдөрүн киргизбей коюшту. Окуянын мындай нукка бурулушу мен үчүн дагы таң калыштуу болду. Алар партия үчүн да, Атамбаевдин өзү үчүн да оор учурда жанында болушкан. Мен кескин өзгөрүүгө абдан таң калдым. Мен аны менен айрылыш жолго түштүм деп эч качан айткан эмесмин. Ооба, биз бир партияда көп убакыт бирге болдук. Бирок, мени кандайдыр бир үчүнчү жактардын колу менен жетелеме жетекчиге айлантуу, мени башкаруу аракеттери Атамбаевге адам катары да, экс-президент катары да, партиялаш катары да намыс алып келбейт. Анын эмнеге умтулуп, эмне максатты көздөгөнүн түшүнө албай койдум. «Досум», «партиялашым» дегенге жакын, бирок достор менен партиялаштар мындай кылбайт. Ал ортодогу 20 жыл тууралуу көп айтат. Мен деле ошол учурда жөн эле отурган жокмун да. Биз партиялаштар менен биргеликте партиянын позициясын Ошто, Жалал-Абадда, Баткенде бекемдөө менен алек болдук. Кыйын учурда, өзгөчө өлкөнүн түштүк аймагындагы тоскоолдуктарды жеңүүдө мен дайыма жанында турдум. Керек болсо жанында киши калбай калганда, коркутуп-үркүтүүлөргө карабай мен жанынан карыш жылган эмесмин. Ал тургай андан баары качып кеткен күндө дагы менин үй-бүлөмө, туугандарыма жана өзүмө коркунуч туулуп жатканда дагы аны менен бирге болуп, 2009-жылы штабын жетектегем. 2010-жылдагы июнь коогалаңында өлкө биримдиги үчүн карьерам эле эмес, керт башымды да тобокелге салдым. Төш каккылай бергим келбейт, бирок, бул чындык. Атамбаев муну жакшы билет. Анын саясий технологдору мени «саткын» деп атаганды жакшы көрүшөт. Убакыт баарын өзүнүн ордуна коет.

— Баардык президенттердин арасынын сизге оор болуш керек. Анткени, күчтүү оппонентиңиз жаныңызда, башкалар сыяктуу качып кеткен жок. Алмазбек Атамбаев ЖМК аркылуу дайыма өз оюн билдирип келет. КСДП штабында сизди кыйытып сындагандар болот, мындай саясий атаандаштык сизди чыңалдырбайбы?

— Мен азыр мамлекет башчысымын. Катуу күрөшкө дайым даярмын. Ийгиликке жеңил жол эмес, күрөш, эмгек менен жеткенмин. Буга чейин дагы, мындан кийин дагы бир гана мамлекеттик принциптерге таянуу менен иш алып барам: Мамлекетти чыңдоо, өлкөнү өнүктүрүү, адам укуктарын жана сөз эркиндигин коргоо.

-Сынды кабыл алууңуз кандай?

-Негиздүү сындар айтылса кабыл алам, катамды оңдогонго аракеттенем. Бул мамлекеттик ишмер үчүн кадимки процесс. Негизи «сынчынын сыңар өтүгү майрык» болбосо болду.

Ушундай бурулуш болоорун билгенбиз…

Саясат, бийлик деген ушундай, достор касташат, кастар достошот дегендей… “Таба эмес, тобо”. Атамбаевдин айткандарын жогоруда уктуңуздар, “мени каралоо башталды” деп. Аны ким каралап жатат? Өзү эле актанууда…

Жыл айланбай эки дос таарынышып кетет деп эч ким ойлобосо керек. Ал эми айрым саясатчылар ушундай бурулуш болорун билген. Себеби, А.Атамбаев “досум Соке менин жолумду улайт” деп ачык айтып, “күчкө” салып, ордуна таштап кеткени кашкайган чындык болчу. Аны да бир күнү өзү “балп” деп айтаары бышык. Азыр ал башын гана чыгарды. Ал эми С.Жээнбеков деле жогоруда айтып жатпайбы, “мени жетеленме жетекчи кылгысы келген, ага намысым жол берген жок” деп. А чынында эле ал көмүскөдө жатып алып башкарам деген ниетин билгенбиз. Жээнбеков баш бербей, өз алдынча башкарып кетсе, ошого туталанып жаткан чагы. Сырын айтам деп чынын айта баштады. Кудайдын көзү түз экен. Кимге кандай жамандык кылса, өз башына келе баштады. Аны сезиш керек ал киши. Кыскасы, эки достун: Атамбаев менен Жээнбеков бири-бирин сындап турган чагы. Кызыктар али алдыда…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.