Аида САЛЯНОВА: «Текебаев саясый буйрук болгонун Атамбаев танбады, демек, буйрукту өзү берген”

Аида САЛЯНОВА: «Текебаев саясый буйрук болгонун Атамбаев танбады, демек, буйрукту өзү берген”

Экс-президент А.Атамбаев өзүнүн “Апрель ТВ” телеканалына барып, бир жарым саат орусча маек куруп берди. Чынын айтканда, ал жерге актанганы эле барыптыр. Өзү жана анын жакын адамдарынын баары: С.Исаков, И.Илмиянов, К.Кулматов, А.Ибраимов, А.Сегизбаев эле таза, калганы таза эмес экен. Баягыдай эле. Болгону азыр бир “байкуш” болуп сүйлөп атты. Анан дагы өзүнүн сырын айтам деп чынын айтып алды. Парламенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековду аябай мактаган, аны баарыбыз эле жакшы билебиз. “Ош коогалаңында эл үчүн туруп берген”,-деген эле, эми болсо «анда анын аты аталган эмес, К.Ташиев, А.Келдибеков, М.Мырзакматовдордун аты аталган. Эгер ага катышса, анда аты аталмак да”,-деди. “Соке досум дайыма жанымда жүргөн”,-деген эле, эми болсо: “Акаевдин убагында өмүрүмө коркунуч туулганда жанымда болгон жок, качып кеткен”,-деди. Кыскасы, “мен президенттик тактыга алып келдим, болбосо аны ким тааныйт эле”,-деп аябай эле досун шыбады. Анда неге шайлоо учурунда ушуларды ачык айтпай, эми айтып жатат? Себеби, өзүмчүл, эки жүздүү киши. Кечээги айтканы менен бүгүнкүсү дал келбейт. Президенттик шайлоодо С.Жээнбековду өткөрүү үчүн аны аябай эле мактап, жактап келген. Эми болсо аны жамандап жатат.

Атамбаевдин ал маегин көпчүлүк саясатчылар да, коомчулук да жактырган жок. Саясатчылардын баары туура эместигин айтып да, жазып да чыгышты жана дагы деле жазышууда. Салянова Аида Жеңишбековна Атамбаевдин маеги боюнча орусча өзүнүн оюн өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды. Биз аны кыргызча котордук, ал мындай:

“Тегерек-четин жамандаган кишилерден алыс болгула. Бул жин тоорудай жабышып алат экен. Бүлүндүрүлгөн күчүн айтпа. Өтө кооптуу!

Бул интервью жөнүндө эмне айтса болот?

  1. Атамбаев өзү бийликти узурпация кылганын мойнуна алды – чарбалык, тергөө иштерин, сот функциясын каалагандай калчаган экен.
  2. Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча – саясый буйрук болгонун танбады. Ал буйрукту берген өзү турбайбы.
  3. Туура, Атамбаев кылмыш иштери боюнча көрсөтмө берген эмес. Дал ошол менин кызматтан кетүүмө себеп болгон. Ага көрсөтмөлөрдү уга турган өз кишиси керек болгон. Андай көрсөтмөлөрдү кийин мен “өзүмдүн” сот процесстеринен көрдүм го, сотторго эмне тапшырма бергенин көрдүк. Ошол соттор аркылуу анын жакын кишилери акталып кетип жатты да. Прокурорлордун тобокелчиликке барганына, кызылдай эмгегине түкүрүп салган. Акталып кеткендер азыркыга чейин өч алып келишүүдө.
  4. Атамбаевди мурдагы “досукелери” сындаганда жийиркенден башка аргаң калбай калат экен. Алар “сынын” уккуң да келбейт. Бирок өзү муну түшүнбөйт көрүнөт. Бу киши менин жакындарыма көп жаманчылык кылып, азабын көрсөттү. Анын көрсөтмөсү менен мага, менин жолдошума, жакындарыма ойлонуп табылган иштер козголду. Анан уялбай “сөөк жегичтер” жөнүндө оозанып коет. Өлкөбүздүн эң башкы “сөөк жегичи” дал ушул Атамбаев болгон. Менин жүрөгүм сезип турат, бу кишинин эң ыплас, эң жаман иштерин угарыбыз бардыр…”,-дейт Аида Салянова.

Аида Жеңишбековна туптуура айтты, Атамбаевдин жалган жалаа менен жасаган ыплас, жаман иштерин жакында угарбыз. Анын чуурулуп чыгаарына аз калды. Кимге кандай жамандык кылса, так ошондой нерсеге кабылат. Кудайдын көзү түз экен, чети чыга баштады. Кызыктар али алдыда. Таба эмес, тобо!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.