Болот Шамшиевге Кыргыз Эл Баатырын ыйгарууну президенттен суранышты. Колдойсузбу?

Болот Шамшиевге Кыргыз Эл Баатырын ыйгарууну президенттен суранышты. Колдойсузбу?

Белгилүү, залкар кинорежиссер Болот Шамшиевдин көзү тирүүсүндө кадырлап, ага “Кыргыз Эл Баатыры” наамын берүүнү коомдук жана саясий ишмерлер, маданият кызматкерлер, акын-жазуучулар, журналисттер (тизмеде 548 адам бар) президент С.Жээнбековго кайрылуу жолдоп, суранышкан. Ал кайрылуу төмөндөгүдөй.

КРнын президенти

С.Ш. ЖЭЭНБЕКОВго

КАЙРЫЛУУ КАТ

“Урматтуу Сооронбай Шарипович!

     Ар бир элдин, өлкөнүн улуттук сыймыгына айланган улуу инсандары болот экен. Алар ал-күчүнө толуп турган учурда өлкөгө чоң кызмат кылып, эли-журтун зор сыймыкка болбойт турбайбы. Дал ошондой элибиздин мактанычына, өлкөбүздүн сыймыгына айланган улуу инсандарыбыздын бири — СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, даңазалуу кинорежиссер Шамшиев Болот Төлөнович экендиги талашсыз.

Болот Шамшиев жалпы журтубузга белгилүү кинорежиссер Л.Шепитьконун «Аптап» көркөм фильминде Кемелдин ролун мыкты деңгээлде аткаргандыгы менен таанылган. Кийин Бүткүл союздук кинематография институтун аяктап, «Манасчы», «Чабан», «Караш-Караш окуясы», «Ысык-Көлдүн кызгалдактары», «Ак кеме», «Эрте жаздагы турналар», «Фудзиямадагы кадыр түн», «Бөрү зындан», «Снайпер» сындуу өтө бийик деңгээлдеги көркөм жана даректүү тасмаларды элибизге тартуулады. Аталган тасмалар ааламдын ар тарабындагы абройлуу фестивалдарда баш байгелерди багындырып, ири сыйлыктарга ээ болуп, өлкөбүздү зор сыймыкка бөлөгөн. Ушул фильмдерде ойногон артисттердин, иштеген киночулардын алды СССРдин эл артисти наамына ээ болсо, аягы  мамлекетибиздин жогорку сыйлыктарына татыган. Болот Төлөнович өзүнүн Кудайдан берилген жаркын таланты менен дүйнөнү таңгалдырган «Кыргыз кереметин» жаратуучулардын башында турарын айта кетүүбүз абзел.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

     Биз, элибиздин келечеги үчүн күйгөн, өзүн өлкөнүн патриоту катары сезген Кыргызстандын жарандары Сизден залкар кинорежиссер, керемет талант, кеменгер инсан Шамшиев Болот Төлөновичке Кыргыз Республикасынын баатыры наамын ыйгарууңузду өтүнөбүз! Болот Шамшиев эл-жерине, өлкөсүнө зор салымын кошкон, журтубуздун руханий байлыгын арттырууга опол тоодой эмгек кылган, аталган бийик наамга ар тарабынан татыктуу инсан деп эсептейбиз. Ушул кезде, коомчулукта наамдарга болгон ар кандай сын-пикирлердин, талкуулардын болуп жаткандыгы, ар кандай сыйлыктар, наамдар бир доордун жаратманы болгон Болот Шамшиевдей инсандардын бааланбай жатышынан улам да пайда болуп жатканын баса белгилеп айткыбыз келет.

Буга чейин бул кайрылуу социалдык түйүндөрдө жарыяланып, Кыргызстандын коомдук ишмерлери, маданият кызматкерлери, акын-жазуучулары, саясий ишмерлери жана башка ар кыл тармактын миң деген өкүлдөрү тарабынан колдоого алынып, кино жаратман Болот Шамшиевдин көзү тирүүсүндө кадырлап, алышыбыз керектигин жана Кыргыз Эл Баатыры наамын берүү тууралыгын билдиришкен,-деп жазылат кайрылууда.

Жолборс Жоробеков, Каныбек Осмоналиев, Зайнидин Курманов, Осмонакун Ибраимов, Каныбек Иманалиев, Амантай Кутманалиев, Роза Таберикова, Адылжан Жажанов, Мурат Жетимишбаев, Абдуламит Жумашов, Кубат Болотканов, Түмөнбай Колдошов, Азизбек Келдибеков, Айдай Чотуева, Эмилбек Момунов, Азамат Кыязов, Нурлан Калыбеков, Рита Казиева, Данияр Исанов, Манас Осмон, Булан Бектеналиев, Алымкул Исаков, Асылбек Маратов, Максат Кулуев, Замир Мырза, Асан Турсункулов, Дамирбек Нарматов, Алмаз Турдумаматов, Эрнис Кыязов, Айнура Токтошева, Күнболот Момоконов, Чынайым Кутманалиева.

One thought on “Болот Шамшиевге Кыргыз Эл Баатырын ыйгарууну президенттен суранышты. Колдойсузбу?

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.