Бурулайдын сотундагы массалык мушташ (ВИДЕО)

Бурулайдын сотундагы массалык мушташ (ВИДЕО)

Бүгүн, 23-ноябрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө бычакталган 19 жаштагы Бурулай Турдали кызынын кезектеги сот отуруму болду.

Сот отурумда Бурулай Турдаалы кызынын жана анын өлүмү боюнча айыпталып жаткан Марс Бөдөшевдин ата-энелери кайым айтышып, урушуп кеткен. Чатакташуу он мүнөткө созулуп, сыртка чыгарылган. Сот аяктагандан кийин да жабырлануучулар менен айыпталуучулардын тарапташтары мушташа кеткен. Андагы мушташты “Спутник” сайты тартып алган. Аны төмөндөгү ВИДЕОдон көрүңүз!

Эскерте кетсек, 2018-жылы 28-майда Бурулайды 30 жаштагы адам ала качкан. Анын тилеги ишке ашпай, ал Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө кармалган. Милиция аларды жолуктурганда ал кызды бычактап, анан өзүнө кол салган. Кыз алган жараатынан улам каза болгон. Бул кандуу окуядан кийин Чүй милициясынын жетекчиси  кызматынан алынып, укук коргоо органдарынын башка кызматкерлерине чара көрүлгөн. Сот сентябрда башталып, ушул убакка чейин созулуп келүүдө…

Бурулайдын портрети илинди

Бүгүн Бурулайдын портрети Логвиненко көчөсүндө жайгашкан Бишкек медициналык колледжинин (маркум ушул окуу жайда окучу) жатаканасынын дубалына тартылды. Автору — Сергей Келлер жана DOXA Art-group чыгармачылык тобу.  Бурулайдын сүрөтү тартылган стрит-артынын ачылышы болду. Ага өкмөттүн кызматкерлери, парламент депутаттары, эл аралык уюмдардын жана БУУнун өкүлдөрү, окуу жайдын студенттери жана окутуучулары катышты.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.