Эртеңки Курултайдын катышуучуларына Өмүрбек Текебаевдин айткан сөзү

Эртеңки Курултайдын катышуучуларына Өмүрбек Текебаевдин айткан сөзү

“Ата Мекен” социалисттик саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев эртеңки Курултайдын катышуучуларына “Өлкөнүн эртеңин аныктаганга курултайчылардын реалдуу шансы бар” аталышта кайрылуу жолдоду. Ал төмөндөгүдөй:

“Урматтуу курултайдын катышуучулары!

Урматтуу мекендештер!

     Мындан 4-5 жыл мурун КМШ өлкөлөрүндө социологиялык сурамжылоо болуп, “Сиз өз өлкөңүздөгү ситуацияга таасир эте аласызбы?”, деп ал өлкөлөрдүн жарандарына кайрылышкан. Кыргызстанда суралган адамдардын 60 пайыздан ашыгы “мен өз өлкөмдөгү ситуацияга таасир эте алам” деп жооп беришкен. Казакстан менен Россияда андай адамдар 20 пайызга жеткен эмес. Казакстан менен Россияда “биз майда адамбыз, жогору жактагылар – чоңдор чечет” деп жооп беришкен. Кечээ эле бир Советтик өлкөдө болуп, бирдей ой жүгүрткөн адамдар элек. Кыска убакта адамдардын мүнөзү, алардын ишеними, демек алардын сапаты эселеп, кескин айырмаланган өлкөлөр пайда болду. Кыргызстанда, биздин жарандарда жаңы мүнөз калыптана баштады. Ал мүнөз өзүнүн баркын билген, намыстуу, “өз тагдырым колумда” деп өзү үчүн, мамелекет үчүн жоопкерчилик ала билген өлкөнүн кожоюндары пайда боло баштаганын көргөзөт. Мүнөз –бул тагдыр дегендей, мындай эл менен Кыргызстанды жаркын, чоң келечек күтүп отурат. Бул жаңы мүнөз бир күндө калыптанган жок. Акыркы 25 жылда Кыргызстанда татаал, оомал-төкмөл чоң саясий окуялар болду. Биз жеңиштерге, жоготууларга, кубанычтарга, өкүнүчтөргө кириптер болдук. Эки жолу элдик революция болду. Революциядан кийинки эйфорияны да көрдүк. Бир топ жыл өткөндөн кийин өкүнүү, көңүл калуулар да болду. Мына ушулардын баары кыргыз элине бир кылымдык тажрыйба берди. Бул тарыхый тажрыйба нефти, газ, алтындан кем эмес улуттук байлык, ресурс.

Курултайдын күн тартиби “Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең” деп абдан символикалуу коюлуптур. “Кечээ” дегенибиз – биздин окуяларга бай, баатырдык тарыхыбыз. Биз андан сабак гана албастан, сыймыктана турган тарыхыбыз. «Бүгүн» дегенибиз – биз тарыхка баа берип, анын жыйынтыгында бүгүнкү күндүн проблемасын аныктап, бүгүнкү күндүн диагнозун так коюп, өлкөнүн андан ары өнүгүп кетүү багыттарын аныкташыбыз керек. Эгер, биз максатты туура койсок, приоритеттерди туура белгилесек, анда биздин эртеңибиз бар.

Курултай өзүнө тагылган тарыхый миссияны аткарат деп ишенем. Кыргызстанда күчтүү жарандык коом бар. Жарандык коомдун эң таанымал, эң таасирдүү институту – бул Курултай. Кыргызстанда болгон бардык тарыхый өзгөрүүлөр, ошонун ичинде эки жолку элдик революциянын башында Элдик курултай турган. Курултай Кыргызстандагы прогрессивдүү, патриоттук коомдук-саясий күчтөрдү, активдүү позициясы бар жарандарды бириктирген маанилүү, таасирдүү интститут катары таанылып, калыптанып калды. Курултай элдин пикирин жыйнаган, багыттаган, калыптаган жана легитимдештирген институт болуп калды. Курултай элди шерденткен, мобилизациялаган, уюштурган күч болуп калды. Ошондуктан, Кыргызстандагы абдан маанилүү окуялар, эки элдик ревлолюция болушуна Элдик курултайдын ролу абдан зор болгон.

Урматтуу курултай катышуучулары!

     Бүгүн сиздер өлкөнүн эртеңин аныктаганга реалдуу шансыңыздар бар. Курултайдын ишине ийгилик каалайм”.

И баса…

Эртеңки 24-ноябрда Бишкекте өтө турган коомдук-саясий күчтөрдүн Курултайын утурлай,  Өмүрбек Текебаев тууралуу “Түрмөдөн кат” аттуу китеп жарык көрдү. Анда Өмүрбек Чиркешовичтин абакта отуруп жазгандары, айткандары, маектери жарыяланган. Кыскасы, ал китепте биз сыйлаган, чоң тамгалуу адамдын үнү жазылган. Ал үнү элге эртеңки Курултайда жетет деп ойлойбуз. Китептин чыгышы менен Өмүрбек Чиркешовичти куттуктайбыз! Эртерээк чыгып элге кошулар күн да алыс эместир…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.