Нариман ТҮЛЕЕВ: «Атамбаев камалууга даяр экен, камаш керек!”

Нариман ТҮЛЕЕВ: «Атамбаев камалууга даяр экен, камаш керек!”

Бүгүн Бишкекте “Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең” Курултайы болуп өттү. Мындай иш-чарага белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер жана бардык аймактан 700гө жакын адам келип катышты. Сүйлөйм дегендер оголе көп болду…

Курултайдын аягында мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин 6 жылдык ишине жана азыркы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун иш мөөнөтүнүн (расмий кызматка киргенине бүгүн туптуура бир жыл болду — авт.) бир жылына баа берилди. Анын бир жылдык ишин канааттандырарлык, Атамбаевдин 6 жылдык ишин канааттандырарлык эмес деп табышты. Анын кол тийбестиги алынсын, анын ишине укуктук баа берилсин деген чечим кабыл алышты. Мындай чечимди колдогон экс-депутат Нариман Түлеев да трибунада сүйлөп, Атамбаевдин камалууга даяр экендигин айтты.

 “Бардыгын Атамбаевдин бетине айттым”

Түлеев Атамбаев менен бир учакта чогуу учуп, аны менен  бирге сүрөткө түшүп,  3,5 саат баарлашканын Фейсбукка коюп элдин таламына калган. Бүгүнкү Курултайда аны менен ушунча саат сүйлөшкөнүн жашырган жок. Ага “акыры камаласың деп баарын бетине” айтканын, ал макул болгонун айтып, “Камалууга да даяр экен бул киши”,-деп баса белгиледи. “Атамбаевди камаш керек – бул бүгүнкү иш. Эртеңки иш – мен урматтуу Сооронбай Шариповичти тааныбайм, өмүрүмдө колун кармап көргөн эмесмин, бирок, мына “мени досум сатып кетти” деп жатат, ошол киши кыргыз элди сатпай, өзүнчө президент болушуна башыбызды ийип беришибиз керек. 2019-жылга чейин убакыт берели деп жатышпайбы, 2020-жылга чейин убакыт берип, колдоп беришибиз керек. Ушул президентти колдоп бериш керек!,-дейт Н.Түлеев.

Текебаев үч жыл мурун эле Атамбаевдин ишине баа берген

“Атамбаев камалсын, кылган ишине жооп берсин. Ал камалышы керек! Накта коррупционер өзү”,-деп Өмүрбек Чиркешович үч жыл мурун эле айткан. Анда эч ким Ө.Текебаевдей болуп айта алган эмес. Себеби, баары Атамбаевден коркушчу. Ошондо эле Ө.Текебаевди колдоп коюшканда, түрмөгө Текебаев эмес, Атамбаев отурмак. Чынында азыр өтө эле кеч. Анткени С.Жээнбеков андай кадамга барбайт. Аны Атамбаев өзү да жакшы билет, ошон үчүн “камалууга даярмын” деп Түлеевге айтты да. Бирок, ишенүүгө да кыйын, себеби, “антип айткан эмесмин, Түлеев калп айтып жатат”,-деп Атамбаев танып кетиши да мүмкүн. Кечээгинин баарын бүгүн танып жатпайбы. Ага кечээ жакында эле берген маеги далил. Анда ал С.Жээнбековду аябай жамандады го: “кадыры жок болчу, үч эле процент алган. Мен аны сүйрөп келдим”,-деп. Президенттик шайлоодо башкача айтпады беле, аябай мактады эле го. Эми эмне жамандап жатат? Себеби, ал көмүскөдө жатып алып аны башкарам деген максаты аткарылбай калды. Ошого аябай “ичи күйүп” жатат. Атамбаев чынында өтө өзүмчүл адам, ал алты жылда Кыргызстанды оңдогон жок, өлкөнү карызга олчойто батырып, өзүнүн жана азыр камалып калган “балдарынын” жашоосун гана оңдоду. Бул факт. Бул тарых.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.