Кенекеев Бабанов, Текебаев, Атамбаев жана “Манас” китеби жөнүндө ачык айтып берди…

Кенекеев Бабанов, Текебаев, Атамбаев жана “Манас” китеби жөнүндө ачык айтып берди…

Биздин сайттын бүгүнкү коногу — Дайыр Кенекеев. Аны кенен тааныштыруунун кажети жок, себеби, ал Кыргызстанга таанымал инсан. Учкай айта кетсек, ал 44 жашта,Таластын кулуну, 1974-жылы 24-майда Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында төрөлгөн. Ал мамлекеттик кызматтардын ылдыйкы тепкичинен жогорку тепкичке чейин эмгектенген.2017-жылдын октябрынан 2018-жылдын апрелине чейин вице-премьер-министр болгон. Ага чейин өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалаган. Жакында эле, 3-ноябрда «Учкун» ишканасына жетекчи болуп келди. Маектешибиз бир дагы суроодон баш тартпастан, баарына ачык-айкын жооп берди. Ал жөнүндө айтылган ушак-айыңдын чындыгын да өз оозунан уктук. Анда эмесе, чогуу тыңдайлы!

— Дайыр,“Учкундун” абалы оор учурда, туңгуюкка такалып калган кезде кызматка келдиң. Мындай абалдан кантип чыгасың?

— Туура, “Учкун” ачык акционердик коомунун колу-буту таңылып, аба жетпей тумчугуп турган убагында жетекчи болуп келдим. Финансылык абалы өтө начар, карызы чачтан көп экен. Соцфондго 5 млн, салыкка 2 жарым миллион, жылытуу системасына жана башка карыздары менен жалпы 29 миллион сомдон ашат. Эң көйгөйлүү маселе — салык менен соцфондун карызы. Аны кутулбасак, биз тендерлерге катыша албайбыз. Биздин ишкананын абалы Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлүп, ар кандай пикирлер айтылды. Депутаттарыбыз: “Учкунду” банкрот кылганга кызыктарсыңарбы?”, — деген суроолорду Өкмөткө беришти.

— Чынында бул мамлекетке караган ишканада да, Өкмөт жардам берсе болот эмеспи.

— “Учкундун” 77 пайызы мамлекеттики болсо, 8 пайызы соцфондго таандык. Өкмөткө, депутаттарыбызга ишеним артып жатабыз, алардын жардамы керек. Жардам десе каражат жагынан эмес, мыйзамдарды тууралап, шарт түзүп берсе деген үмүт бар. Мамлекеттик маанилүү документтерди: аскердик билет, аттестат, жогорку жана башталгыч класстардын китептерин, дипломдорду, күбөлүктөрдү чыгарууну биздин басмаканага берсе чоң жардам болот эле. Заказ көбөйсө оор абалдан чыкмакпыз. Кандай болгон күндө да, бүгүн биз мындай абалдан чыгуунун жолун издеп жатабыз. Анын бир жолу — техникалык жабдуулар менен кызматкерлерди кыскартуу. Бирок, бул ишканада 45 жылдан бери иштеп келе жаткан адамдар бар экен. Алардын артында үй-бүлөсү бар, жумушсуз калганда аларды кантип багат? Ошондой эле “Учкунга” 2003-жылдан бери төлөнбөй келген карыздар бар экен. Аскар Акаев жана Майрам Акаева тарабынан жасатылган китептер бүгүнкү күнгө чейин турат. Майрам Акаеванын “Үмүттүн шооласы үзүлбөйт” деген китеби бар. Кезегинде аны 500 сомдон сатышкан, ал учурда менин айлыгым 600 сом болчу. Алардын китептерин жок дегенде макулатурага өткөрсөк дагы акчасы “Учкундун” бир нерсесине жарап кетет эле. Бирок, ага да кол барбай, “өзүңөр сатып алгыла” деп, кат жолдогонго туура келип жатат.

— Вице-премьер-министр болуп туруп эле“Учкунга” жетекчи болуп калдың. Өкмөттүн мындай чечимин, кичинекей кызмат сунушту кандай кабыл алдың?

— Кызматтын чоң же кичинеси жок. Негизи мамлекеттик кызматта “жоокер” болушубуз керек. Кайда жиберсе ошол жакка барып, аны ак ниет менен таза, так аткарып, эл үчүн кызмат кылуу зарыл деп эсептейм. Мен эл үчүн иштеп келгем жана иштей бермекчимин.

— Анда сени бийликтин көзүн карабаган, саясатын колдобогон кызматкер десек болобу?

— Эгерде президент, премьер-министр эл үчүн кызмат кылып, өнүгүү жолунда иш алып барып жатса, ал саясатты колдоо керек. Эгер бийликтегилер туура эмес иш кылса, мен өз оюмду билдирип, сунуш киргизе алам, тагырагы, туура эмес саясатты колдобойм жана унчукпай дагы отура албайм. Далил менен айта турган болсом, 2006-жылы, Монополияга каршы департаментинде иштеп жүргөндө, ошол кездеги президенттин уулу Максим Бакиевдин саясаты менен көз карашым келишпей, кызматтан кеткем. Анткени, ал:“Канттагы цемент-шифер заводунан чыккан товарлардын баасын 30 пайызга көтөрүп бергиле!”,-деген шарт койгон болчу. Ошондо анын саясатына каршы чыгып, жыйынтыгында иштен өз каалоом менен кетүүгө аргасыз болгом.

Бабанов жана “Ак ниет”…

— Өмүрбек Бабанов силерди кызматташууга ошол учурда чакырып жатабы? “Ак ниет” жаштар кыймылын ага таңуулап эле келатышат. “Бабановдун балдары” деген да кеп кетти эле… Бул кыймылды ал түздү беле же өзүңөрбү?

— Биз жөнүндө туура эмес маалымат тарап кеткен. Бабановдун “Ак ниет” жаштар кыймылына эч кандай тиешеси жок. Анткени аталган кыймылды Чыңгыз Макешов экөөбүз 2010-жылы революциядан кийин түзгөнбүз. Биздин кыймыл 7-апрелдеги кандуу революцияга, Ош коогалаңында, Маевкадагы чыр-чатакта активдүү катышып, элге, мамлекетке колдон келген жардамын берген. Биздин кыймыл менен бирге Өмүрбек Бабанов Оштогу коогалаңдан жабыркаган элге азык-түлүк жагынан жардамын бергенден улам, “Бабановдун балдары” деген кеп кетсе керек деп ойлойм. Негизи Бабанов “көзү ачык” болсо керек. Ал өсүп келе жаткан прогрессивдүү жаштарды жана жетекчилерди жалындуу сөздөрү менен өзүнө тартканды жакшы өздөштүргөн адам. Биздин кыймылдын активдүүлүгүн байкап калып, Чыңгыз Макешов экөөбүздү чакырып, ал жалаң жаштардан турган жаңы партия түзүлөөрүн, мурунку саясатта булганган адам тизмеде жок болорун айтып, бизге убада берген. Жаңы партиянын аталышына конкурс жарыяланганда мен дагы конкурска катышып, “Республика” деген аталыш менен атаандаштарымды жеңип чыккам. Мен бул жөнүндө бир дагы жерде айткан эмесмин, биринчи жолу айтып жатам. Парламенттик шайлоонун алдында түзүлгөн “Республика” партиясы шайлоодо КСДПдан кийинки орунду ээлеп, депутаттык мандатка ээ болушту.

— А силер эмнеге депутат болбой калдыңар эле?

— Парламенттик шайлоо башталаардын алдында Бабановдун баягы айткан сөзүнүн бири дагы жок болуп чыкты. Так айтканда, штабдан ар кандай адамдарды, белгилүү саясатчыларды көрө баштадык. Көрсө, алар капчыктуулар экен, а бизде болсо андай каражат болгон жок. Бабанов бизге ачык эле: “Бизге каражат керек, шайлоодо акчасыз болбойт”,-деди. Партиялык тизмедеге адамдардын тарифи болорун сиздер деле жакшы билсеңиздер керек. Ошондо биринчи “бештикке” кирүү үчүн мынча, “ондукка” кирүү үчүн тигинче сумма деген тариф коюлду. Биз ошол тарифди көтөрө алган жокпуз, себеби, бизде андай чоң суммадагы акча жок болчу. Партия үчүн жасаган иштерибизди ойлоп, Бабанов менен сүйлөшүү жолу менен соодалашып көрдүк. Ага биз биздин да артыбызда жаштар бар экенин айтып, “партияда жалаң жаштар, таза адамдар болот, булганган саясатчы болбойт” деген сөзүн эскертип, сүйлөштүк. “Эгер акыбал акчага келип такалса, алдыңкы төрт орунду сатып, бешинчисин Чыңгыз Макешовго же мага бергиле, кийинки “ондуктагы” онунчу орунду дагы бир таза, жаш балага бергиле!” деген сунушка көнгөн жок. Ошондон улам, биздин ортобузда жарака кеткен. “Республика” партиясынын түбөлүгүнөн түңүлүп, 2010-жылы 29-июнунда тизмеден чыгып кеткем. Анда мен мамлекеттик мүлктө иштечүмүн. Эгер мен “Бабановдун кадры” болсом, ал ошондо мени депутат кылмак же ал премьер-министр болуп турганда мен кызматтан кетпейт элем. Бабанов эч качан, эч жерде мени колдогон эмес.

— Бабанов президенттик шайлоодон кийин таластыктарды да колдогон эмес. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан элдин алдына сен: “Манас” китебинен үзүндү окуп берейин”,- дедиң. Алар окутпай койду, бирок, чыны уга турган, сөз кыла турган учур эмес болчу. Китепти көтөрүп чыкканың чыны түшүнүксүз болгон. Неге анттиң, же ал кимдир бирөөнүн заказы беле?

— Эч кандай, эч кимден заказ болгон эмес. Талас эли “өз балабыз” деп Өмүрбек Бабановго жакшы добуш алып берди. Бирок, Бабановдун бийлик башына келбей калганына ичи ачышкан эл топтолуп: “Шайлоо таза болгон жок”, “Атамбаев өзүнүн досун “күч” менен алып келди”, ал “Талас элин эл эмес” деп айткан киши деген сөздөр айтылды. Атамбаев Талас облусуна келип, эл менен жолугушуу учурунда, Талас элине оюу түз экенин, “Талас эли эл эмес” деген сөзү бурмаланып, элге туура эмес жеткендигин өзү айтып түшүндүрүп кеткен. Мен “Манас” китебин илгертен окуп, китептер иш бөлмөдө тургандыктан, ошол учурдагы мамлекет башчыбыздын Талас эли боюнча оюн калыстык үчүн айтып коеюн деген максатта китепти алып чыгып, “Манас” китебинде айтылган сөздү эл алдында так айтып коюну туура көргөм.

— А сенин оюң боюнча шайлоо таза өттүбү?

— Мен ошондо элдин алдында: “Таласта таза шайлоо болду”,-деп оюмду ачык айткам. Чынында эле башка региондордо шайлоо кандай өткөнүн көргөн эмесмин. Ошондуктан, Талас облусунда таза өттү деп айта алам. Себеби, элдин 85 пайызы Өмүрбек Бабановду колдоду. Ал боюнча Өмүрбек Бабанов дагы моюндап, Талас элине ыраазычылыгын билдирип, шайлоонун жыйынтыгын таанырын айтты эле го.

Атамбаев жана “Манас” китеби…

— Кандай болгон күндө да Атамбаевди ыраазы кылдың. Аны өзү деле көпкө чейин айтып жүрдү. Ошондон кийин эле вице-премьер-министр болдуң да, чынбы?

— Ооба, ал чын жана мен аны танбайм. Вице-премьер-министр кызматына Алмазбек Атамбаев алып келгени калп эмес. Чоң кызматтарга дайындоо президенттин макулдугу менен чечилет. Мен бул кызматка келейин же бийлик башчысына жагынайын деп “Манас” китебин алып чыккан эмесмин! Андай оюмда таптакыр жок болчу, ошол жердеги сүйлөп жаткан элдин сөздөрү “Манас” китебинен үзүндү окуп берүүгө түрткү болгон.

— Атамбаев Бабановду колдогондорду “Абыке, Көбөштүн урпактары”, сени болсо “Манастын урпагы” дегени туура эмес да. Бул факт. Андагы ажонун айтканы боюнча эмне дейсиң?

— Ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаев мен жөнүндө өзүнүн оюн айтты. Элибиз туура таразалайт деп ишенем. Кыргыз эли Манастан ажырап, калктын түндүгү түшүп турган кезде, Жакыптын калмак зайыбы Бакдөөлөттөн төрөлгөн Абыке, Көбөштөр баштаган ички душмандар мансап, байлык үчүн өз элине душман чыгып, Манастын ордосу таланат, кыргыз элинин абалы оорлойт. Бирок, бактыга жараша, Семетей эр жеткенде Манастын ордосу кайрадан калыбына келтирилип, эгемендүү кыргыз мамлекетинин, Айкөл Манастын туусу кайрадан желбирейт. “Өздөн чыккан жат жаман” деген сөз дагы бекеринен чыкпаса керек. Өзүнүн кызыкчылыгы үчүн эли-журтуна каршы чыккан адамдар жок эмес. Бирок, менин негизги максатым — элдин бакубат жашоосу, кең келечеги үчүн талыкпай кызмат кылуу. Ким “Манас” эпосун окуп, жакшы билсе, ал адамга менин жообум түшүнүктүү болот деп ойлойм.

— Андагы Атамбаев азыр бийликте жок. Ал бийликтен түшөрү менен аны жамандап чыккандар болду жана болууда. Жакында эле Элдик Курултай болуп, алар Атамбаевдин 6 жылда кылган ишине “канааттандырарлык эмес” деген баа беришти. А сенчи, кандай баа бересиң?

— Ушул суроону акыры бирөө-жарым мага берерин билип жүргөм. Алмазбек Шаршеновичтин күнөөсү барбы же жокпу, аны убакыт көрсөтүп, тарых тастыктайт. Бирок, “6 жыл жаман иштерди жасап туруп алды” дегенден алысмын. Себеби, президент болуп турганда Кыргыз мамлекети үчүн жакшы эле күйдү. Өзү айтып айтып жаткан долбоорлор Кыргызстан үчүн пайда алып келди деп айтса болот.

— Кайсы долбоор?

— Биометрикалык шайлоо, энергетикадагы көз карандысыздык, жолдор, гранттарды тартуу жана башка долбоорлор. Мисалы, “Датка-Кемин” долбоору жөнүндө айта кетсем, Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүндөгү жогорку чыңалуудагы электр зымдарын туташтырган “Датка-Кемин” линиясы 2011-жылы башталып, 2015-жылдын август айында ишке берилбеди беле. Бул долбоорду  Алмазбек Атамбаев президенттик жылдарындагы эң ири жетишкендик катары баалап келет. Андан тышкары, далай эле гранттык долбоорлорду тартып, жакшы иштер жасалды. Жакшы жагын айтпастан, жаман жагын айтып туруп алганыбыз туура эмес. Адамдын жаман жагын бөлө, жакшы жагын көрө билсек жакшы болот эле.

Курсташы Сапар Исаков жөнүндө…

— Туура, бирок, Атамбаев өзү адамдын жакшы жагын көргөн жок да. Анын жакшы көргөн “баласы” Сапар Исаков азыр абакта. Аны сенин досуң деп жатышат го, анын канчалык чындыгы бар?

— “Сапар Исаковдун досу, анын кадры”,- деп ал премьер-министр болуп турганда жазышты, айтышты. Сапар Исаков экөөбүз университетте бир курста окуганбыз. Көп жылдык достугубуз бар, мен аны танбайм. Сапар Жумакадыровичтин азыркы абалы жөнүндө айта кетсем, өтө аянычтуу, андайды мен душманга да каалабайм. Андай иш эч кимдин башына түшпөсүн. Курсташымдын темир тор артында калганына ичим ачышып жатат. Эми ушундай саясий кырдаал болуп калды, не кылабыз? Аны тергөө органдары текшерип жатат. Анын күнөөсү бар же жок экенин сот чечет. Акыйкаттык, калыстык менен чечет деп ойлойм.

— Сотко ишенесиңби? Мисалы аларга элдин ишеничи качан эле жоголгон.

— Соттук системада вирус бар. Азыркы учурда ага антибиотик изделип жатат. Вируска антибиотик табыш керек! Ал вирус 2011-жылдан башталган. Сот системасындагы реформа жакшы болгон жок. Мамлекеттик, коомдук чогулуштарга катышып, сот боюнча көз караштарды угуп жүрөм. “Соттук системаны алмаштырыш керек!”,-дешүүдө, мен ага кошулам. Ынтымак менен вирустун антибиотигин табалы!

— Ынтымакка келүү үчүн эмне кылуубуз керек?

— Жалган жалаа жаап, ушак айтканды, калпты жазганды токтотсок. Бирөө калп айтса же социалдык тармакка жазса, аны айрым сайт көчүрүп алып сайтына коет, гезитине жазат. Мисалы мени “Атамбаевдин же Исаковдун кадры, жакын кишиси” деп жазышты.Эгер мен алардын кадры болсом, анда эмнеге 2011-жылдан 2015-жылга чейин жумушсуз жүрдүм?! Ошондо алар мени кызматка чакырат эле да. Ушунча жыл аралыгында Темир Сариев менин иш тажрыйбамды карап, кызматка чакырып жатпайбы. 2015-жылы Темир Аргембаевич чакырып, Талас облусуна губернаторлукту сунуштаган. “Таласка губернатор бол” деген сунушка мен макулдугумду бергем. Бирок, Болот Шер жана башка саясатчылар каршы болуп туруп алды. Ошондон улам, алгач Таласка губернатордун биринчи орун басары болуп баргам. Бир жылдан кийин, ошол учурдагы премьер-министр Сооронбай Шарипович Жээнбековдун буйругу менен губернатор болдум. Мен мамлекеттик кызматты жөнөкөй адистен баштап, министрге чейинки кызматтардын бардык тепкичтерин басып өткөм. Эмгек жолум Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Оргочор мамлекеттик заводунан башталган, ал жерде зоотехник болуп иштегем. Өз кесибимди аркаладым десем болот, себеби, Новосибирск агрардык колледжинин «Зооинженерия» факультетин аяктагам. Кызматың алган билимиңе жараша өзгөрүп турат да. Эл аралык университетинин эл аралык укук боюнча адистигин жана Мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин экономика жана бизнес факультетинин «мүлктү башкаруу жана баалоо» адистигин артыкчылык менен бүтүргөн соң, кесибим өзгөргөн. Кыргыз-француз «ARPA BGI BBc ишканасынын вице-директорунун ассистент-котормочусу, чет элдик инвестицияларды жана экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик комитетинин ага адиси болдум. Андан соң, Тикелей инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик агенттиктин башкы адиси болуп жүрүп, жетекчинин орун басары болуп иштедим. Ушул эле агенттикте инвесторлор менен иш алып баруу боюнча «one-stop-shop» бөлүмүн да жетектегем. 2004 —жылы Экономиканы өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигине барып, инвестициялык саясат бөлүмүн жетектедим. Бир жылдан соң, министрликтин алдындагы монополияга каршы департаментинин директорунун орун басары болдум. Анан Монополияга каршы саясат жана атаандашууну күчөтүү боюнча улуттук агенттиктин жетекчисинин орун басарынын милдетин аткардым. Төрт жыл «Бишкек тажрыйбалык заводу» акционердик коомунун директорлор кеңешинин жетекчиси болдум. 2011 —жылы Президенттин аппаратындагы экономиканы өнүктүрүү жана мониторинг боюнча бөлүмүнүн адиси болуп, ошол эле жылы Мамлекеттик мүлк министрлигинин улутташтырылган мүлк фондунун директору — мүлк министринин орун басары болдум. Анан эле мамлекеттик кызматтан кетип, төрт жыл бизнес менен алектендим.

— Мамлекеттик кызматтан бизнеске өтүүгө эмне себеп болду эле?

— 2006-жылы бийлик менен тил табыша албай кызматтан кеткем. Жумушсуз калганда бир нерсе кылып үй-бүлөнү багуу керек да. Ошондон улам, Кытайдан “Дордой” базарына товар ташыган досума кошулуп, анын каражаттары менен кондиционер алып келип бизнес жасадык. Бизнесибиз жакшы жүрүп, жакшы шарттар түзүлдү. Кийин атаандаштар көбөйүп кетти.

— “Таластыктар мактанчаак, өпкө” деп айтылып келет. Сенин оюңча ошондойбу, дегеле таластыктар кандай калк?

— Таластын элинен айланса болот, жакшы калк. Өтө эмгекчил, намыскөй эл. Мен губернатор болуп турганда алар менен тыгыз иштеп, мүнөзүн жакындан билдим. Мен жумушка эрте келдим десем, алар менден эрте келип алып кабылдамада отурушчу. Таңкы 8:30да ондон ашуун киши тосуп алчу. Аларды жылуу кабыл алып, ар биринин көйгөйүн укчумун. Колдон келген маселе болсо ошол замат эле чечип, колдон келбесе кайда кайрылуу керектигин айтып, кеңеш берчүмүн.

— Облус башчысы болуп, ал ишти жоон териң менен сездиң. Жакында эле айрым саясатчылар: “Облустук бийликтин кереги жок”,-деп чыгышты. Бул маселеге көз карашың кандай?

— Ооба, мындай маселе жакында эле көтөрүлүп, айрым саясатчылар: “губернаторду жоюш керек!”,-деп чыкты. Мен буга макул эмесмин, облус башчысын жоюуга каршымын. Анткени губернатор менен эл тыгыз байланышта болот, калктын маселесин губернатор чечет. Жогорку Кеңештен, Өкмөттөн облустук деңгээлде түшкөн тапшырмаларды облус аймагында  аткара турган Өкмөттүн өкүлү болуш керек. Айыл өкмөтү менен Өкмөт түз иштей албайт. Социалдык маселелерге губернатор, аким жооп берет. Ар бир аймакты өнүктүрүү үчүн инвестицияларды тартуу керек. Аны тартуу үчүн ал жерде тынчтык болуш керек. 2014-жылдан баштап Таласта митингдер көп болду: тоо-кендери, төө буурчактын баасынын кескин түшүп кеткени, насыя алуучулардын көйгөйлөрү, салыктагы тарифтердин өсүшү, кургакчылык боюнча. Ушундай митингдер чет жактан инвестиция тартууга терс таасирин берет. Аймакта стабилдүүлүк болбосо инвесторлор келбейт, келечеги кандай болот деп, алар деле келечегинен коркот. Ошондогу көтөрүлүп турган эл менен бийликтин ортосундагы мамилени биз жакындаттык. Эл тарабынан коюлган маселелерди чечүүгө жардам бердик. Эл, оппозиция өкүлдөрү, бийлик менен тегерек стол өткөрдүк. Ага 1-вице-премьер-министр, азыркы ЖК депутаты Аалы Азимович Карашев, экинчи жолу өткөн тегерек столго азыркы премьер-министр Мухамметкалый Дүйшекеевич Абылгазиев барып катышкан. Маселелер жеринде чечилген. Эл үчүн орун басарым экөөбүздүн эшигибиз ачык болду. Бул сөздөр менен мен, аймактагы эл менен губернатордун иши тыгыз байланышта экенин айткым келүүдө. Ошондуктан облуска жетекчи сөзсүз керек, аны жоюуга болбойт!

— Таласта кылган ишиңди айта кетсең?

— Туулуп-өскөн жерим үчүн колумдан келген аракеттеримди жасадым. Эмне иштерди жасаганымды 100 күндүк, бир жылдык отчетто айтып жаттым. Көптөгөн долбоорлорду ишке ашырдык. Каражат жетпегенден улам, кээ бир долбоорлор аягына чыкпай калды. Далил менен айта кетсем, Өтмөк ашуусунан түшкөндөгү Талды-Булак айылынан тартып, Казахстан Республикасына чейинки чоң жолду жарыктандыруу долбоорум бар эле. Ал долбоорду айыл өкмөттөрү менен сүйлөшүп, команда менен баштагам, бүгүнкү күндө аягына чыгып калды. Андан тышкары, үч жыл ичинде ондон ашык мектеп, заманбап спорт аянтчалары ачылды. Тараз-Талас-Суусамыр жолу оңдолду. Талас шаарында он жылдан бери бүтпөй туруп калган Капар Медетбеков атындагы музыкалык драма театрын бүтүрдүк. Анын курулушуна мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин фондунан 45 миллион сом бөлүнгөн. Эгер акча бөлүнбөсө имарат урап түшмөк. Сугат жерлерди суу менен камсыздоо боюнча иш алып барып, дыйкандарга шарттарды түздүк. Кыскасы, эл үчүн көп иштерди жасадык. Үч жылда жасаган ишимди үч мүнөткө сыйдырууга мүмкүн эмес экен.

— Кечирип кой, Атамбаев драмтеатрга бөлгөн акча максатсыз жумшалганы, баалар өтө жогору көрсөтүлгөнү, мыйзам бузуулар болгону боюнча азыр айтылууда. Бул боюнча эмне дейсиң?

— Заманбап жабдуулар менен курулган Капар Медетбеков атындагы музыкалык драма театры региондордун арасынан алгачкысы болду деп айтсак болот. Театрдын курулуш иштери бүткөрүлүп, ишке берилгени мен үчүн сыймыктана турган иш. Анткени, ал курулуш иштери башталып, бирок, 10 жылга жакын убакыттан бери туруп калган имарат эле. Ага бөлүнгөн каражаттар максатсыз жумшалганы жөнүндө так маалыматым жок. Күч органдары иликтеп, сот туура аныктайт деп ойлойм.

Текебаевдин акылын колдонуп…

— Сен жөнүндө көп эле сын айтылды, жазылды. Сын-пикирди кабыл алууң кандай?

— Дал ушундай суроону 2011-жылы мен Текебаев Өмүрбек Чиркешовичке берген элем. “Сизди аябай эле шыбап жазып жатышат. Ага кантип чыдап жатасыз? Мен жөнүндө бир эле жолу жазып коюшту эле, түнү менен уктабай чыктым”,-десем, ал: “Биринчиден, мен ал гезиттерди окубайм. Экинчиден, менин терим “бронированный” болуп калган, ошондуктан ага реакция кылбайм. Үчүнчүдөн, ал жалган, фактысы жок жазылууда. Эгер жазган киши ошондон ырахат алса, анда жаза берсин”,- деп койгон. Ошондон бери ал кишинин акылын колдонуп келатабыз. Журналисттер жазса факты менен жазсын. Фактысы болсо укук коргоо органдарына жазсын да, жөн эле социалдык тармактарга жаза бербей. Далили жок үчүн ошентип жатат да. Жазылган киши “мага тыйын береби, чуркап келеби?” деген мааниде эле жазат окшойт деп калдым.

— Өмүрбек Текебаевдин жалган жалаа менен соттолуп, абакта отурганы боюнча эмне айта аласың?

— Өмүрбек Чиркешович кармалган учурда мен Таласта болчумун. Ошондуктан эч нерсе айта албайм.

Айкел тууралуу…

— 10-ноябрда Таластын Бакай-Ата районунда аттуу-баштуу 20 кишиге тургузулган айкелдин ачылыш аземи болду. Ага барып катыштың. Атаңа айкел тургузулганын алдын ала билдиң беле?

— Жок билген эмесмин. Мага үч күн калганда айтылды. Чынын айтсам, сүйүндүм. Себеби, Бакай-Ата районунда иштеп, эмгеги сиңген 20 адамга бюст тургузулду, алардын арасында менин да атам бар. Мыкты инсандарды жергиликтүү бийлик тандап, сунуш киргизген экен. Ал сунуш кабыл алынып, анча кымбат эмес, цементтен жасалып, краскаланган бюст турду. Ата-энем баардык өмүрүн мугалимдик кесипке арнаган. 9 баланы татыктуу тарбиялашты. Үлгүлүү, жогорку билимдүү болдук. Биз ата-энебиз менен сыймыктанабыз. Атабыз тарых сабагы боюнча 40 жылдан ашык мугалим болуп иштеп, Эл агартуунун отличниги, Эмгек сиңирген мугалим жана башка көптөгөн сыйлыктардын ээси. Атамды баалаган жергиликтүү бийликке ыраазымын.

— Атаңа тургузулган бюстка каражатты өзүң чыгардыңбы?

— 90 миң сом деп айтылганда, бардык туугандар колдоду. Туугандар менен бирге каражат топтоп, атам менен чогуу иштеген мугалимдерди, айылыбыздын аксакалдарын чакырып куран түшүрүп, бата алдык.

— Айкелдердин арасында тирүүлөр да бар экен го, мисалы Апрель баатыры Алиясбек Алымкулов?

— Ооба, алардын арасында социалисттик эмгектин эки жолку баатыры Корчубек Акназаров, мурдагы жаштар министри Алиясбек Алымкулов жана авиация тармагында эмгек сиңирген Кубанычбек Козубеков сыяктуу көзү тирүүлөр да бар. Алиясбек досум, аны менен Апрель окуясында чогуу жүрдүк. Ага ок тийип, араң оңолгонун жакшы билесиздер. Ошондуктан сыйга татыктуу инсан деп ойлойм. Ошентсе да ал өзү уялдым деп жатат. Мисалы, мен кыргыздын жакшылыгына кубанам. Ошондуктан сынабайм, сөз кылбайм.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

3 thoughts on “Кенекеев Бабанов, Текебаев, Атамбаев жана “Манас” китеби жөнүндө ачык айтып берди…

  1. Таласка губернаторлукка Сооронбай Жээнбеков койгондугун озу баса белгилеп айтып жатат. Шайлоо откондон кийин, Бабановдун кишилеринин алдына чыгып, Сооронбай Жээнбековдун президентшайланганын колдоп: — «шайлоо Таласта таза отту, уйунорго тарагыла», — деп кыйкырып чыкканы эсимде. Топтолгон Таластыктардын алдына чыгып, алардын ойуна каршы болгон, калыс созду коп кимдер айта албайт. Бул жерден дагы Кенекеевдин жеке, озгорбогон позициясы бар экенин байкаса болот. Журналисттин суроолорунун багыты бир тараптуу, мурдагы саясатчылар жонундо болуптур.
    Президент менен Окмот туура иш жургузуп жатса, колдоо керек экендигин айтты. Азыр мамлекеттик кызматта иштеп жаткандыгы, бийликти колдогонунан кабар берет.

  2. «Республика» партиясынын аталышын мен ойлоп тапкам дейт го бу жигит. Чындык болсо анда Республика партиясынын биринчи катарында болуп, азыр депутат болуп олтурушу керек болчу экен. Кайран Бабанчик! убагында колдонуп туруп таштап койгон тура жигитти. Эми да кеч эмес. Ийгилик каалайлы жердешибизге!

  3. Азаматсын Кенекеев! Азыр коптогон саясатчылар кеткен бийликтин артына чакалап суу куюп, келген бийликке жагынуунун ар кандай турлорун ойлоп таап жатышат. Кенекеев дагы аларга кошулуп Атамбаев, Бабанов, Исаков, Текебаевди жамандап жатып калат экен деп ойлоп, кызыгып окудум эле, андай эмес экен. Чындык сөздөр. Таластыктар ушундай эле болчу эле дейм да.

Добавить комментарий для ТаласОтменить ответ

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.