Аликбек Жекшенкулов айылдагы ата-энесинин үйүн бала бакчага берет

Аликбек Жекшенкулов айылдагы ата-энесинин үйүн бала бакчага берет

Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Кочкор айылындагы ата-энесинин үйүн бала бакча катары пайдаланууга берери тууралуу бүгүн кабарланды. Аны коомдук ишмер А.Жекшенкуловдун баласы Беккул билдирди.

Анын айтымында, үй Кочкор районунун борборунда жайгашкан. «Айылда бир гана бала бакча болгондуктан, үй-бүлөбүз менен кеңешип ушундай чечим кабыл алдык. Аймактарды өнүктүрүү жылында бир аз салым кошолу дедик. Азыр үйдү мамлекеттин балансына алуу иштери жүрүүдө. Андан кийин тилкеге бүгүнкү күндүн талаптарына жооп бере тургандай жаңы үй курулат», — дейт Беккул Жекшенкулов.

Буга чейин айылдагы үйлөрүн ЖКнын экс-спикерлери Абдыганы Эркебаев менен Чыныбай Турсунбеков бала бакча үчүн мамлекетке өткөрүп берген. Жакында эле ЖК депутаты Камчыбек Жолдошбаев Ак-Талаа районунун Кайыңды-Булак айылындагы үч кабаттуу имаратты мектеп үчүн белек кылган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.