Үч жаштагы небересин тирүүлөй көмгөн чоң эне 15 жылга кесилиши мүмкүн…

Үч жаштагы небересин тирүүлөй көмгөн чоң эне 15 жылга кесилиши мүмкүн…

Мындай кайгылуу окуя Тажикстандагы Навобод айылында болгон. Хатлон облусунунун прокуратурасы үч жашар наристенин өлүмү боюнча ишти тергеп бүттү. “Киши өлтүрүү” беренеси менен козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлдү. Сот жараяны жакынкы күндөрү башталат. Киши өлтүрүүгө айыпталган аял 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Үч жаштагы небересин өлтүргөн чоң эне — 58 жаштагы Хожара Ашурова. Ал небереси сууга чөгүп кеткенин айткандан кийин баланы издөө иштери башталган. Милиция кызматкерлери, айыл тургундары анын сөөгүн каналдан карап, жетинчи күн дегенде айылдын четиндеги жардын түбүнөн табышкан. Бул окуя боюнча тергөө жүрүп, сурак учурунда Хожара Ашурова небересин тирүүлөй көмүп салганын мойнуна алган. Ал небереси Бехрузжонду алгач муунтуп, андан соң жардын түбүндөгү аңга көмүп таштаган. Мындай жосунсуз жоругун ал дайыма жаңжал чыгарган келини Гулсанам Боймуродованы жаман көргөнү үчүн небересин өлтүрүп таштаганы менен түшүндүргөн. Ал эми келини: “Талаш-тартыштар ар бир үй-бүлөдө болуп турат. Бирок бул баланы өлтүрүп салууга себеп эмес. Күйөөм менен ажырашпайм, бирок алардын үйүндө да жашабайм. Ал жерде баары Бехрузжонду эске салып турат”,-деген.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.