Ырчы Шахрезада Аскарова Темир Сариевге ыраазы болду. Эмнеге?

Ырчы Шахрезада Аскарова Темир Сариевге ыраазы болду. Эмнеге?

Эстрада жылдызы, элдин сүйүктүү ырчы кызы Шахрезада Аскарова жакында эле президенттин колунан «Эмгек сиңирген артист» наамын алып, 4-декабрда концертин өткөрдү. Көргөн да, көрбөгөн да арманда…

Жакында өткөн концертине келгендерге жана колдоо көрсөткөндөргө ыраазы болуп, Фейсбуктагы баракчасына ырчы эжебиз мындай деп жазды: “Урматтуу кадырлуу кыргыз калкым!  4 декабрь — мен үчүн эң кубанычтуу күн болду! Концертиме колдоо көрсөткөн элибиздин патриот уулу Темир Сариев баш болгон жердештериме терең ыраазычылыгымды билдирем! Бизге кол чаап, залдын көркүн ачкан көрүүчүлөрүбүзгө чоң рахмат!»

Ырчы Ш.Аскарова 1957-жылы 20-майда Сокулук районунун Төш-Булак айылында төрөлгөн. Экс-премьер-министр, коомдук ишмер Темир Сариев да ушул айылдан. “Жердеш, айылдаш катары, эжебиздин чыгармачылыгын сыйлап, жеке концертине 100 миң сом берди” деп айылдаштарынан уктук. Ошон үчүн Шахрезада эжебиз ыраазычылык билдирди окшойт. А чынында бул дагы аздык кылат, Шахрезада Аскаровага миллион берсек да жарашат. Себеби, эмгеги сиңди, сыйга татыктуу ырчы.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.