АТАМБАЕВ: “Бабанов менин, Жээнбековдун сөзүнө ишенип алданып калды”

АТАМБАЕВ: “Бабанов менин, Жээнбековдун сөзүнө ишенип алданып калды”

Экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн “Апрель” телеканалына барып, социалдык тармактардагы болуп жаткан сөздүн баарына жооп берди. Сүйүктүү журналисти Канат Каниметов экөө маек курду. Суроонун арасында Өмүрбек Бабанов жөнүндө да суроо болду. Анда ал Өмүрбек Бабановго ыраазы болгонун айтты.

Президенттик шайлоодон кийин ал тополоң жазаса деле болмок, ал анткен жок, элди ойлоп. Элди ойлоп саясаттан да кетти. Азыркыга чейин эч нерсе айткан жок. Чынын айтканда, Бабанов менин, Жээнбековдун сөзүнө ишенип алданып калды”,-деп күлдү. Анан дагы анын алдында уялып жатканын кошумчалады.

“Күлгөндүн билгени бар” дегендей, президенттик шайлоодогу “калпыстык” бир нерсени билет го. Бабанов эмнеге алардын кайсы сөзүнө алданган? Бул чоң суроону жаратты…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.